ЖАРАТМАН МУГАЛИМ — ӨНҮККӨН ӨЛКӨ!
- 26.08.2026
- 0
Нарын облусундагы билим берүү тармагынын өкүлдөрү “Доор өзгөрткөн билим: Жаратман мугалим- өнүккөн өлкө” деп аталган Август кеңешмесине чогулушту.

Анда билим берүү тармагындагы ийгиликтер белгиленип, 2026-2027-окуу жылындагы милдеттер жана “Алтын Казык” өнүктүрүү программасынын алкагында аткарыла турган иштер тууралуу маалыматтар айтылды.

Кеңешмеге катышкан дубан башчынын орун басары Жылдыз Мамбетова быйыл аталган программанын экинчи этабы ишке кирип жатканын белгилеп, республикадагы мектептер арасынан алгачкылардан болуп Нарын облусунда мамлекеттик органдар менен билим берүү мекемелеринин ортосунда кесипке багыт берүү боюнча меморандумдар түзүлүп жатканын айтты. Бул ыкма окуучулар мектепте окуп жатып кайсы бир кесипти тандоосуна өбөлгө түзөт.
Иш-чаранын жүрүшүндө кесипке багыт берүү боюнча жалпы 27 мамлекеттик орган менен меморандумга кол коюлду. Анын алкагында мамлекеттик органдын жетекчилери, өкүлдөрү мектепке барып окуучулар менен жолугушууларды өткөрүп, кесип тандоо боюнча маалыматтарды берип турушат.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер