ЖАРАТМАН КРЕАТИВ

  • 23.10.2023
  • 0

Садыр Аке атындагы №6 жалпы орто билим берүү мектебинде, окуу жылынын башынан бери мектептин директору Жоомарт Карыбаевдин демилгеси менен «Жаратман креатив» клубу түзүлдү.

ЖАРАТМАН КРЕАТИВ

Маалыматка таянсак, бул клубдун алкагында методикалык тажрыйба алмашуу максатында мектептин 18 мугалими 2023-жылдын 21-22-октябрында  Аламүдүн районундагы Чүй мектеп-интернатына,  №2 орто мектебине, ошондой эле  О.Турсуматов атындагы «Бер-Булак» орто мектебине барышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө мугалимдер КР эмгек сиңирген мугалими Мадаминов Гапыр, Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти Музулманов Мелисбек менен баарлашып, алардын кызыктуу лекцияларын уга алышты. Жолугушуу учурдагы милдеттерди, инновациялык идеяларды, «Жаратман креатив» клубунун өнүгүү келечегин талкуулоо менен коштолду.

Кесиптештер менен тажрыйба алмашуу — ар бир педагогдун маанилүү компоненти.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер