ЖАРАТАБЫЗ, ЧЕЧЕБИЗ, ҮНДӨЙБҮЗ!

  • 03.11.2022
  • 0

ЖАРАТАБЫЗ, ЧЕЧЕБИЗ, ҮНДӨЙБҮЗ!

Бишкекте сынчыл ой жүгүртүү аркылуу чыгармачылыкты өнүктүрүү урааны астында Медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча III Борбор Азия конференциясы өтүп жатат. Бул тууралуу “МедиаСабак” фондунан билдиришти.

Эки күнгө созулган конференцияга Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Украина, Россия, Германия, Франция, Румыния, Финляндия, Монголия жана Вьетнамдан билим берүү тармагынын, жарандык жана медиа уюмдардын өкүлдөрү, тренерлер жана эксперттер катышууда.

ЖАРАТАБЫЗ, ЧЕЧЕБИЗ, ҮНДӨЙБҮЗ!

Анын жүрүшүндө катышуучулар ММС (медиа жана маалыматтык сабаттуулук) элементтери менен офлайн жана онлайн форматта сабактарды өткөрүү, ММСти жайылтуу боюнча креативдүү долбоорлор, медиа сабаттуулукту баалоо боюнча изилдөөлөр, социалдык тармактардын колдонуучулары үчүн креативдүү иштеп чыгуулар жана ММСти билим берүүгө кийирүү боюнча мыйзамдык демилгелер менен маалымат бөлүшөт.

Конференциянын жыйынтыгында бул багытта ишмердүүлүк жүргүзгөн тараптардын баарын бириктирген эл аралык MIL Promotion Alliance түзүлөөрү күтүлүүдө.

Эске салсак, Борбор Азиялык конференциянын биринчиси 2019-жылдын ноябрында, экинчиси былтыр октябрь айында Бишкек шаарында өткөн эле.

Медиа-сабаттуулук боюнча үчүнчү жолку Борбор Азиялык конференциясы Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү федералдык Министрлигинин, DW (Дойче Велле) Академиясынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен өнөктөштүктө Кыргыз Республикасында медиа жана маалыматтык сабаттуулукту жогорулатуу долбоорунун алкагында “МедиаСабак” Фонду тарабынан уюштурулууда.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер