ЖАПОНДОРДУН ЖУМГАЛ МЕКТЕПТЕРИНЕ ЖАРДАМЫ

  • 11.02.2023
  • 0

Кыргызстандагы Япония Элчилигинин «Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу» программасынын алкагында Жумгал районундагы Шатман Садыбакасов атындагы орто мектебине жана Советбек Жамгырчиев атындагы бала бакчасына жалпы суммасы 3 286 321 сомго инвентарлар жана жабдуулар берилди.

ЖАПОНДОРДУН ЖУМГАЛ МЕКТЕПТЕРИНЕ ЖАРДАМЫ

Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Орозкановдун бизге берген маалыматына таянсак, райондогу Ш.Садыбакасов атындагы орто мектебинин жана С.Жамгырчиев атындагы бала бакчанын  директорлору 2022-жылы Кыргызстандагы Япония Элчилигине «Чөптүн тамыры жана адамзат коопсуздугу» программасына «Билим берүү мекемелериндеги окутуу шарттарын жакшыртуу» боюнча долбоор жазып кайрылышкан. Жакында жалпы суммасы 3 286 321 сомго инвентарлар жана жабдуулар алынып келинди.

ЖАПОНДОРДУН ЖУМГАЛ МЕКТЕПТЕРИНЕ ЖАРДАМЫ

Ш.Садыбакасов атындагы орто мектебине 12 класс кабинеттерине парта, стулдар, мугалимдер үчүн стол, стулдар, 6 окуу каанасына китеп  шкафтар, доскалар, мугалимдер бөлмөсүнө эмеректер, китепканага стеллаждар, шкафтар берилди жана мектептин 1-корпусунун бардык терезелери жана сырткы эшиктери алмаштырылды.

ЖАПОНДОРДУН ЖУМГАЛ МЕКТЕПТЕРИНЕ ЖАРДАМЫ

Ал эми С.Жамгырчиев атындагы бала бакчасына 928 507 сомго камыр аралаштыруучу машина, эки камералуу жуугуч, шкаф,  кууручу казан, медициналык тараза, желдеткич,  суу жылыткыч, эт майдалагыч, жашылча кескич, балдардын чакан шкафы, тарбиячылар үчүн стол, стулдар алынып келинди.

ЖАПОНДОРДУН ЖУМГАЛ МЕКТЕПТЕРИНЕ ЖАРДАМЫ

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер