ЖАПОН ӨКМӨТҮНӨН – КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕКТЕПТЕРИНЕ

  • 24.05.2023
  • 0

Жапон өкмөтү көмөктөшүп, Кыргызстандын Улуттук Кызыл Жарым Ай коому менен кызматташтыкта ЮНИСЕФ биздин өлкөдөгү 600 мектептин өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын камсыз кылуу үчүн 15 000 жабдуу, ошондой эле 100 мектепке 863 компьютер сатып алып, таратып берди. Жардамдын жалпы наркы 1,3 миллион АКШ долларын түзөт.

ЖАПОН ӨКМӨТҮНӨН – КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕКТЕПТЕРИНЕ

22-май күнү Чүй облусунун Арашан айылындагы Стрельникова атындагы орто мектепте өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты камсыздоо үчүн жабдууларды өткөрүп берүү аземи жана жер титирөөгө чара көрүү боюнча симуляциялык машыгуулар өткөрүлдү. Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрликтин өкүлү Эржигит Ибраимов, Жапониянын Кыргызстандагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Хидеки Года мырза жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм катышты.

Мектепке берилген жабдууларга өзгөчө кырдаалдар маалында биринчи кезекте зарыл болгон буюмдар кирет. Алар: мегафондор, кол сиреналары, өрт калканчтары, эвакуациялоо үчүн замбилдер, алгачкы жардам көрсөтүү үчүн баштыкчалар, кырсык коркунучу жөнүндө маалымат такталары жана авариялык эшик туткалары. Мунун баары “Кыргыз Республикасында балдардын климаттык жана табигый кырсыктардын тобокелдиктерине туруктуулугун жогорулатуу” долбоорунун алкагында сатып алынган. Долбоорду Жапон өкмөтүнүн каржылоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги биргеликте ишке ашырып келүүдө. Долбоордун таасирин өлкөнүн 1 800 мектебинде 900 000ге жакын окуучу көрөт деп пландалууда.

Элчи Года мырза буларды белгиледи: “Бүгүн Жапон өкмөтү мектепке авариялык-куткаруучу жабдууларды берип жатат. Бул жабдуулар менен окуучулар тынчсызданбай жана коркпой мектепте билим ала беришет. Жапондор табигый кырсыктарга даярдануу боюнча машыгууларды мектептерде жана жамааттарда үзгүлтүксүз өткөрүп турушат. Мен да Жапонияда бул машыгууларга катышчумун”.

Долбоор “2015-2024-жылдарга Кыргыз Республикасындагы коопсуз мектептер жана мектепке чейинки мекемелер” Мамлекеттик программасын ишке ашырууну колдойт. Жапон өкмөтү каржылаган алгачкы үч жылдык этапта (2017-2020-жылдары) өлкө боюнча 121 мектепте 65 000ден ашуун бала табигый кырсыктарга даярдана алышты.

ЖАПОН ӨКМӨТҮНӨН – КЫРГЫЗСТАНДЫН МЕКТЕПТЕРИНЕ

“Кыргызстанда миллиондон ашык окуучу бар. Табигый кырсыктар болуп турган аймакта жашап, өзгөчө кырдаалдарга даяр болуу үчүн биз мектептерди бардык керектүү жабдуулар менен камсыз кылышыбыз керек. Бул долбоордун алкагында биз аларга керектүү көндүмдөрдү үйрөтүп, мектептерде өзгөчө кырдаалдарга даярдыктын так пландарынын болушун камсыздайбыз. Биз Жапон өкмөтүнө мектептердин коопсуздугун камсыз кылып, сапаттуу билим берүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиребиз”, — деди Кристин Жольм.

Өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты камсыз кылган жабдуулардан тышкары Жапон өкмөтү каржылаган башка бир долбоор аркылуу Бишкектеги жана Оштогу жаңы конуштардагы, ошондой эле элет жерлериндеги айрым мектептерге компьютерлер жеткирилди. Бул мектептерди Билим берүү жана илим министрлиги санариптик окутууну кеңейтип, окуучулардын эсеп чыгаруу көндүмдөрүн жана сабаттуулугун жогорулатуу үчүн стратегиялык аймак катары аныктаган.

COVID-19 пандемиясынын билим берүү системасына тийгизген кесепетин азайтуу максатында иштелип чыккан бул долбоор 2024-жылдын августуна чейин созулуп, төртүнчү Туруктуу өнүгүү максатына (4-ТӨМ) жетүүгө көмөктөшөт.

 

Өз кабарчы

Бөлүшүү

Комментарийлер