ЖАПОН ӨКМӨТҮ МЕКТЕПТЕРДИН КООПСУЗ АЧЫЛЫШЫН ЖАНА КОШУМЧА ОКУТУУНУ КАМСЫЗ КЫЛУУ ҮЧҮН 2,7 МИЛЛИОН ДОЛЛАР БӨЛДҮ

  • 04.08.2021
  • 0

COVID-19 тооруп турган учурда балдарды сапаттуу билим берүү менен камсыз кылуу максатын көздөгөн жаңы долбоор үчүн Жапон өкмөтү Кыргыз Республикасына 2,7 миллион АКШ долларын бөлүп жатат. Бул долбоорду ЮНИСЕФ ишке ашырат.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова Жапониянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сигэки Маэда менен ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы Өкүлүнүн орун басары Юлия Олейниктин ортосундагы алмашуу ноталарынын кол коюу аземине катышты. Бул программа Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен COVID-19дун билим берүү системасына тийгизген таасирин жумшартуу жана жооп кайтаруу үчүн иштелип чыккан.

Жапониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сигэки Маэда буларды белгиледи: “Өткөн жылдын март айында Кыргызстанда коронавирус инфекциясынын алгачкы учурлары аныкталгандан бери Кыргызстан социалдык жана экономикалык жактан чоң сокку алды. Пандемиядан өзгөчө аялуу балдар жапа чегишти, анткени бул илдет жалпынын укугу болгон билим алууга жеткиликтүүлүктү кыйындатты. Жапон Өкмөтү бул долбоор аркылуу билим алуу үчүн адилеттүү жана бардыгын камтыган мүмкүнчүлүктөр камсыздалып, Кыргызстандын балдары туруктуу өнүгүүнүн пайдубалын өз колдору менен түптөйт деп чын дилинен үмүт кылат”.

2020-жылдын мартында Кыргыз Республикасында COVID-19дун биринчи учурлары аныкталгандан кийин, өкмөт коомдук саламаттык сактоонун зарыл чарасы катары өлкө боюнча мектептерди жаап, аралыктан окутууну киргизген. Бул 1,44 миллион окуучуга таасирин тийгизди. Өкмөттүн аракеттерине карабастан, ЮНИСЕФ өнөктөштөрү менен жүргүзгөн изилдөөлөргө ылайык, 2020-жылдын октябрь-ноябрь айларында COVID-19 пандемиясы маалында балдардын 77% дайыма же көпчүлүк учурда сабактарга аралыктан катыша алышкан, ал эми балдардын 23 пайызы окууга катышкан эмес. Көпчүлүк мектептер 2020-жылдын декабрынан кийин кайра ачылса да, бул балдар үйрөнбөй калган материалдарды башынан окуп чыгуу үчүн кошумча программаларга муктаж болот. Мындан тышкары, COVID-19 мындан ары да окууга тоскоол болбошу үчүн мектептерде талаптагыдай гигиенаны камсыз кылуу, инфекциянын алдын алуу жана көзөмөлдөө абдан маанилүү.

ЮНИСЕФтин Кыргыз Республикасындагы Өкүлүнүн орун басары Юлия Олейник кол коюу аземинин катышуучуларына кайрылып, төмөнкүлөргө токтолду: “COVID-19 пандемиясы башталгандан бери 18 ай өттү, тилекке каршы, бүгүнкү күндө дүйнөдө 156 миллиондон ашык баланын билим алуусу үзгүлтүккө учурады. Кыргызстанда мектептердин жабылышы 1,44 миллиондон ашык окуучуга да таасирин тийгизди. Жапон Өкмөтү менен ЮНИСЕФтин өнөктөштүгү COVID-19 пандемиясына карабай бардык балдардын сапаттуу билим алуусуна жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн биздин билим берүү программабызды бекемдейт”.

Долбоор Билим берүү жана илим министрлигине мектептерде суу менен жабдуу, гигиена жана санитария боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга, анын ичинде гигиеналык жабдууларды жана буюмдарды сатып алууга, ошондой эле Жапониянын практикасын жана тажрыйбасын колдонуу жолу менен гигиенага окутууга көмөктөшөт. Мындан тышкары, долбоор мектептер жабылган учурда аралыктан окууга катыша албай калган балдарга да колдоо көрсөтөт. Кошумча окуу программасы ошондой эле 2-4-класстын окуучуларын санарип технологиялары жана санариптик окутуу менен тааныштырып, саноо жана сабаттуулук боюнча окуу программаларын кеңейтет.

Долбоор 2024-жылдын августуна чейин эсептелген жана Туруктуу өнүгүү максатына (ТӨМ-4) – инклюзивдүү жана тең сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу жана бардыгы үчүн окуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатына жетишүүгө салым кошот.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер