ЖАПАРОВ ТМККНЫН БАШКЫ КАТЧЫСЫ БАГДАД АМРЕЕВ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

  • 27.10.2020
  • 0
ЖАПАРОВ ТМККНЫН БАШКЫ КАТЧЫСЫ БАГДАД АМРЕЕВ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Башкы катчысы Багдад Амреев менен жолугушту.

Президенттин м. а. Садыр Жапаров Багдад Амреевге өлкөдөгү учурдагы саясий кырдаал жөнүндө маалымат берип, ошол эле учурда Кыргызстан элинин биримдиги жана акылмандыгынын негизинде курч саясий кризис ыкчам жана тынч чечилгендигин белгиледи.

ЖАПАРОВ ТМККНЫН БАШКЫ КАТЧЫСЫ БАГДАД АМРЕЕВ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешине мүчө-мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.

«Түрк тилдүү мамлекеттер ар дайым жакын өнөктөш болуп келген, бизди жалпы тарыхый тамырлар, элдерибиздин тилдеринин, маданияттарынын жана салттарынын окшоштугу байланыштырып турат», — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.

ЖАПАРОВ ТМККНЫН БАШКЫ КАТЧЫСЫ БАГДАД АМРЕЕВ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Багдад Амреев өз кезегинде Түрк Кеңешинин экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы катышуучу өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча иши, ошондой эле уюмдун келечегин аныктаган «Түрк Кеңеши — 2025» стратегиясынын долбоору жөнүндө айтып берди. Жолугушуунун жүрүшүндө Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Түрк инвестициялык фондун түзүү боюнча иш-аракеттерди активдештирүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин м. а. Садыр Жапаров кыргыз тарап ар тараптуу кызматташууга даяр экенин айтып,  ТМККнын Инвестициялык фондунун башкы кеңсесин Бишкекте жайгаштыруу демилгесин кубаттады.

Жолугушуунун жыйынтыгында, ТМКК мүчө-мамлекеттеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү максатында үзгүлтүксүз диалог жүргүзүү жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Президенттин Аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү

Поделиться

Комментарии