АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ: МАМЛЕКЕТТИК ЭЛЕКТРОНДУК КҮНДӨЛҮККӨ КИРҮҮ АКЫСЫЗ

  • 26.08.2026
  • 0

Жалпыга маалымдоо каражаттарында тараган маалыматтарга жана “Күндөлүк” жеке системасын иштеп чыгуучулардын мамлекеттик электрондук күндөлүк системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча тендерге байланыштуу билдирүүсүнө карата объективдүү жана толук түшүндүрмөнү Агартуу министрлиги берүүнү зарыл деп эсептейт.

АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ: МАМЛЕКЕТТИК ЭЛЕКТРОНДУК КҮНДӨЛҮККӨ КИРҮҮ АКЫСЫЗ АГАРТУУ МИНИСТРЛИГИ: МАМЛЕКЕТТИК ЭЛЕКТРОНДУК КҮНДӨЛҮККӨ КИРҮҮ АКЫСЫЗ

Маалыматка караганда, мамлекеттик билим берүү уюмдарында ата-энелерден акча чогултуунун бардык түрлөрүнө катуу тыюу салынат. Мамлекеттик система үй-бүлөлөргө финансылык жүк жаратпайт, мамлекеттик электрондук күндөлүккө кирүү бардык жарандар үчүн толугу менен акысыз.

137,4 млн сом суммасындагы келишим электрондук күндөлүк функциясын түзүүгө гана багытталган деген маалымат чындыкка дал келбейт. Аталган келишим бирдиктүү масштабдуу санариптик комплексти түзүүнү камтыйт:

— мамлекеттик электрондук күндөлүк жана электрондук журнал;

— STEM багыттарын кошкондо, 12 000ден ашуун интерактивдүү окуу жана усулдук ресурстарды камтыган «Санарип кампа» билим берүү контентинин улуттук репозиторийи;

— педагогдордун квалификациясын жогорулатуу үчүн ustat.edu.gov.kg платформасы;

— башталгыч кесиптик билим берүү системасы үчүн өзүнчө санариптик чечим;

— «Тунгуч» онлайн-мектебинин платформасы.

Мындан тышкары, санариптик экосистема ПИН-сервис, мектепке электрондук каттоо системасы, «Мугалим», «Аттестат», ББМС жана башка мамлекеттик санариптик чечимдерди кошкондо, мамлекеттик маалыматтык системалар жана сервистер менен интеграциялоону карайт.

“Э-Күндөлүк” АМСти иштеп чыгуу иштердин жалпы көлөмүнө киргизилип, өзүнчө кошумча бюджет бөлүнбөстөн, негизги келишимдин наркынын алкагында ишке ашырылган. Ошондуктан келишимдин жалпы наркын электрондук күндөлүктү түзүүгө гана жумшалган чыгым катары көрсөтүү чындыкка дал келбейт.

Мамлекеттик система киберкоопсуздуктун улуттук стандарттарына ылайык корголгон жана негизги мамлекеттик маалымат базалары менен үзгүлтүксүз интеграцияланган: ЖААК («Кызмат» ММ), «Аскер» АМС (Коргоо министрлиги), «Коркпо, билдир!» (ИИМ), «Аттестат» («Учкун»), «Лицензия» (Кадастр), «Мед. маалымкат» (Саламаттык сактоо министрлиги), КРМКнын Даректик регистри ж.б. Бул окуучулардын жана алардын ата-энелеринин жеке маалыматтарынын 100% сакталышына жана корголушуна кепилдик берет. Мындай деңгээлдеги коргоону буга чейин бир дагы жеке платформа камсыздай алган эмес.

  • Платформаны мындан ары техникалык жактан коштоо, өнүктүрүү жана башкаруу мамлекеттик техникалык оператор «Түндүк» ААКка өткөрүлөт. Бул мамлекеттик мектептердин жеке IT-иштеп чыгуучулардан көз карандылыгын, ошондой эле «санариптик шантаж» жана билим берүү процессине жеткиликтүүлүктү коммерциялаштыруу тобокелдиктерин толугу менен жокко чыгарат. Мамлекеттик “Күндөлүк” системасы санариптик фундамент, башкача айтканда, базалык платформа катары кызмат кылат. Келечекте анын негизинде ата-энелер үчүн мектепке чейинки, мектептик жана башталгыч кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлдериндеги мамлекеттик санариптик билим берүү сервистери интеграцияланып, өнүктүрүлөт, — деп жазылган билдирүүдө.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер