КАНЫБЕК ИСАКОВДУН ЫСЫМЫ НООКАТТАГЫ МЕКТЕПКЕ БЕРИЛЕТ
- 26.08.2026
- 0
Көрүнүктүү коомдук ишмер, мурдагы Билим берүү министри, маркум Каныбек Исаковдун ысымы өзү туулуп-өскөн Ноокат районундагы Кызыл-Тейит жалпы билим берүү орто мектебине берилет.
Каныбек Исаков билим берүү тармагына бүтүндөй өмүрүн арнаган чыгаан жетекчи, мыкты педагог жана окумуштуу катары жалпы журтка белгилүү. Ал 2011-2019-жылдары Ош мамлекеттик университетин жетектеп, окуу жайдын инфраструктурасын гана жаңылабастан, билим берүүнүн сапатын, илимди өнүктүрүүгө жана жаштардын келечегине өзгөчө көңүл бурган. Анын талыкпас эмгегинин аркасында ОшМУ өлкөдөгү эң алдыңкы окуу жайлардын катарын толуктап, жаңы бийиктиктерге көтөрүлгөн. Ал эми 2019-2020-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри кызматын аркалап, тармакта бир катар реформаларды баштаганга үлгүргөн.
Замандаштары жана шакирттери белгилегендей, Каныбек Исаков жөн гана жетекчи эмес, талапты туура коё билген агай, туура багыт берген устат жана жаштарга ишеним жараткан инсан болгон. Анын ысымын билим уясына ыйгаруу – кийинки муундарга агайдын басып өткөн жолун, билимге болгон мамилесин жана бийик адамдык сапаттарын үлгү катары таанытуу болуп саналат.
Бул демилгени колдоп, агайдын эмгегин баалаган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, вице-премьер-министр Улан Мамыткановго жана Билим берүү министри Догдуркул Кендирбаевага маркумдун шакирттери, кесиптештери жана жалпы коомчулук терең ыраазычылык билдирүүдө.
Жакшы адамдардын аты элдин эсинде, ал эми алардын ысымы билим уяларында жашаса — бул өзгөчө чоң сый-урмат. Каныбек Исаковдун жаркын элеси жана билим берүүдөгү өлбөс-өчпөс эмгеги келечек ээлери үчүн дайыма үлгү болуп кала бермекчи.
Комментарийлер