ЖаМУда ЖАКШЫ СӨЗ БОЛДУ

  • 06.07.2022
  • 0

 

2-июлда Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде филология факультетинин англис тили жана адабияты кафедрасы билим берүү боюнча эл аралык деӊгээлдеги адис, изилдөөчү, Казакстандагы Назарбаев университетинин профессору Дүйшөн ШАМАТОВ менен жолугушууну уюштурду.

Кеченин башталышында «Заманыбыздын билим балбаны” атуу слайд көрсөтүлүп, баарыбыз сыймыктанган мекендешибиздин өмүр таржымалы, илимий изилдөөлөрү, илимдеги жетишкендиктери жөнүндө сөз болду.

Анан автор өзүнүн «Билим — бакыт канаты» аттуу китебин тааныштырды. Китептин биринчи бөлүгүндө мугалимдин кадыр-баркы, кесипкөйлүк, лидерлик деӊгээлин өстүрүү жолдору, окутуунун сапаты жана башка темалар боюнча абдан мазмундуу макалалар бар экен. Экинчи бөлүгүндө жогорку билим берүүгө тиешелүү өтө орчундуу маселелер, билим менен илимдин айкалышуусу, изилдөө адеби ж.б. боюнча кызыктуу мисалдар менен коштолгон мыкты эмгектер камтылыптыр. Үчүнчү бөлүгүндө бактылуу жашоо, рухий дареметти толук ачуу үчүн билимдин мааниси кандай чоӊ экенин көрсөткөн таасирдүү баяндар которулуп, кыргызча жеткиликтүү тил менен берилиптир. Адамдардын мүнөзүндө эӊ көп кездешүүчү өзгөчөлүктөр, кемчиликтер, тарбиядагы, өзүн-өзү тарбиялоодогу катачылыктар жөнүндө ар бир адамга пайдалуу баяндар ушул бөлүктө экен.

Автор бул жолугушууну диалог нугунда жүргүзүп, окурмандардан китептин эң бир таасирдүү, көңүлүн бурган бөлүгүн айтууга, өз ойлорун айтууга, керек болсо талашып-тартышууга шыктандырды. Бир сөз менен айтканда, бул күн профессордун китебин өзүнө кол тамга жаздырып алган окурмандар үчүн чоӊ майрам болду.

Жолугушууда англис тили жана адабияты кафедрасынын башчысы, филология илимдеринин кандидаты, доцент Айша Калмуратова, кафедранын улук окутуучусу, билим берүүнүн мыктысы Насиба Жумабекова, ЖАМУнун илим изилдөө иштери боюнча проректору, техника илимдеринин кандидаты, доцент Сталбек Куваков жана башка замандаштар мазмундуу сөз сүйлөштү.

Өз кабарчы.

Бөлүшүү

Комментарийлер