ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨ: МӨӨНӨТТӨРҮ ЖАНА ШАРТТАРЫ

  • 18.05.2021
  • 0

Бүгүн, 18-майда республиканын бардык аймактарында Жалпы республикалык тестирлөө башталды. Тестирлөө окуучулардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыздоо үчүн тийиштүү шарттар түзүлгөн 115 тест борборунда өткөрүлүүдө.

Тест борборлорунда медициналык пункттар жана медицина кызматкерлеринин, ошондой эле коопсуздук кызматкерлеринин кезмети уюштурулган.

Тестирлөөнүн катышуучулары зарыл коргонуу каражаттары: санитайзер, тепловизор, бет кап, кол кап ж.б. менен камсыздалган.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 30-апрелиндеги № 564/1 буйругуна ылайык тестирлөө үч этапта өткөрүлөт:

I этап: 2021-жылдын 18, 19-майында;

II этап: 2021-жылдын 21, 22-майында;

III этап: 2021-жылдын 22, 23-июнунда.

Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун маалыматы боюнча, ЖРТга 42 817 бүтүрүүчү катталган.

Белгилей кетсек, тестирлөөгө орто жалпы же орто кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле каттоо учурунда жалпы билим берүүчү мектептердин 11-классында, орто жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын акыркы курстарында окуп жаткандар катыша алышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер