ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨГӨ ДАЯРДАНУУ САБАКТАРЫ «БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ» КАНАЛЫНАН ЭФИРГЕ БЕРИЛЕ БАШТАДЫ

  • 14.04.2020
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги, «Билимди баалоо жана окутуу усулдары» борбору тарабынан даярдалган жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу видеосабактары “Билим жана Илим” (ЭлТР) телеканалынан эфирге бериле баштады.

Атайын видеосабактар дүйшөмбүдөн ишембиге чейин бир күндө эки ирет эфирге коюлуп жатат. Эрте мененки саат 8:05тен 8-45ке чейин жана 17:55тен 18:40га чейин.

Ушул эле видеосабактар «Билимди баалоо жана окутуу усулдары» борборунун сайтында жайгашкан: http://www.testing.kg/

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

Бөлүшүү

Комментарийлер