ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫНА ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА ӨЗГӨРТҮҮЛӨР КИРГИЗИЛДИ

  • 24.08.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 20-августундагы № 563 токтому менен жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартына маанилүү өзгөртүүлөр киргизилди. Бул чечим сапаттуу билим алууга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу жана өлкө мектептерине инклюзивдик билим берүүнүн принциптерин кеңири жайылтуу максатын көздөйт. ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫНА ИНКЛЮЗИВДИК БИЛИМ БЕРҮҮ БОЮНЧА ӨЗГӨРТҮҮЛӨР КИРГИЗИЛДИ

Жаңы кабыл алынган өзгөртүүлөр биринчи кезекте майыптыгы жана өзгөчө билим берүү муктаждыктары бар окуучулар үчүн зарыл шарттарды түзүүгө багытталган. Атап айтканда, мындан ары ыңгайлаштырылган жана жекече билим берүү программалары иштелип чыгып, окуу жүктөмү, окутуу методдору, ошондой эле баалоо жол-жоболору окуучулардын өзгөчөлүгүнө жараша ыңгайлаштырылат.

Мындан тышкары, көрүүсү жана угуусу бузулган билим алуучулар үчүн окуу материалдарын жеткиликтүү форматта сунуштоо, атайын техникалык каражаттарды жана ассистивдик технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрү милдеттүү түрдө каралган.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин аталган токтому расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер