ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕПТЕРИНИН МУГАЛИМДЕРИ ТАРАБЫНАН ЖҮРГҮЗҮҮГӨ (ТОЛТУРУУГА) МИЛДЕТТҮҮ БОЛГОН ДОКУМЕНТТЕРДИН ТИЗМЕСИН БЕКИТҮҮ ЖӨНҮНДӨ

  • 12.01.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери тарабынан жүргүзүүгө (толтурууга) милдетүү болгон документтердин тизмесин бекитүү жөнүндө

         Республиканын жалпы билим берүү мектептеринин жааматтарынын көптөгөн кайрылууларын көңүлгө алуу менен “Билим берүү жөнүндө” жана  “Мугалимдин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган педагогдордун укуктары менен милдеттерин ишке ашыруу, жалпы билим берүү мектептеринин педагогдорунун кесиптик ишмердүүлүгү үчүн тиешелүү шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2020-жылдын 22-октябрындагы №883/1 буйругу менен түзүлгөн жумушчу топтун сунуштарынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №119 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жөнүндө Жобого ылайык буйрук кылам:

  1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

республиканын жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери тарабынан жүргүзүүгө (толтурууга) милдетүү болгон документтердин тизмеси 1-тиркемеге ылайык;

— республиканын жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдери тарабынан жүргүзүүгө (толтурууга) милдетүү болгон айрым документтердин типтүү формалары 2-тиркемеге ылайык.

  1. Облустук билим берүү институттарынын, облустук усулдук борборлорунун, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарынын билим берүү башкармалыктарынын, жалпы билим берүү мектептеринин жетекчилери:

— ушул буйрукту аткарууга кабыл алышсын;

— ушул буйруктун мазмунун жалпы билим берүү мектептеринин мугалимдерине маалымат катары жеткиришсин.

  1. Мектеп жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгы (Усеналиев М.Дж.) Укуктук камсыз кылуу жана кадрдык иштер башкармалыгы (Ибрагимов Б.А.) менен биргеликте 2021-жылдын 1-майына чейин төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана бекитүүгө киргизсин:

— республиканын жалпы билим берүү мектептеринин окуучуларынын өздүк көктөмөсүнүн формасын;

— башталгыч класстардын жана 5-11 класстардын окуучулары үчүн класстык журналынын формасын.

  1. Маалыматтык камсыздоо сектору (Маматов Р.Н.) тийешелүү бөлүкчөлөр менен биргеликте:

— 2021-жылдын 1-февралына чейин 1-тиркемеде көрсөтүлгөн документтерди БББМСга (башка маалыматтык системаларга) киргизүү боюнча ишти жүргүзсүн;

— ушул буйрукту 1 жана 2 тиркемелери менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтына жайгаштырсын.

  1. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө министрдин орун басары Н.С.Джусупбековага жүктөлсүн.

1-тиркеме

2-тиркеме

Бөлүшүү

Комментарийлер