ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ МЕКТЕПТЕРДЕ УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛГАН ИШ ЧАРАЛАР

  • 01.05.2019
  • 0

Жалал-Абад шаарында мектептер Улуу Жеңиштин 74 жылдыгына карата  эскерүү иш чараларын өткөрүүдө.

Михаил Бабкин атындагы №1 мектеп-гимназиясынын мугалимдер жааматы менен окуучулары ата-энелер менен биргеликте Советтер Союзунун Баатыры М.Бабкиндин жана белгисиз жоокердин эстеликтерине гүл коюшту.

ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ МЕКТЕПТЕРДЕ УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛГАН ИШ ЧАРАЛАР

 

Улуу Ата Мекендик согуш жылдары  Жалал-Абад шаарынын аймагындагы ооруканадан  каза болгон беш офицер жана үч жоокердин сөөгү жашырылган жери табылып, “Славян диаспора Ассоцациясынын” өкүлдөрү  менен биргеликте оңдоп түзөлдү.

Анын ачылыш салтанатына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, “Славян диаспора Ассоцациясынын” өкүлдөрү, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаев жана окуучулар катышты.

ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ МЕКТЕПТЕРДЕ УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛГАН ИШ ЧАРАЛАР

Мектеп окуучуларын патриоттуулукка тарбиялоо максатында шаардык билим берүү бөлүмү өткөргөн кароо-сынакка 19 мектептен 200гө жакын окуучу  катышып, баш байгеге Ж.Бакиев атындагы №3 орто мектеп ээ болду.

ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ МЕКТЕПТЕРДЕ УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛГАН ИШ ЧАРАЛАР

ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ МЕКТЕПТЕРДЕ УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛГАН ИШ ЧАРАЛАР

 

Б.Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясынын администрациясы окуучулар менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон жоокерлердин эстеликтерине гүл коюшту.

ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ МЕКТЕПТЕРДЕ УЛУУ ЖЕҢИШКЕ АРНАЛГАН ИШ ЧАРАЛАР

“Мындай иш чараларга Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы орто билим берүүчү мектептер активдүү катышып жатат. Окуучуларга тарбиялык сааттар өтүлүп, мекенди сүйүүгө жана патриоттуулукка тарбиялоого чоң көңүл бурулууда”,  — деп шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ы.Калчаев.

Бөлүшүү

Комментарийлер