ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНДА 17 МЕКТЕП ПАЙДАЛАНУУГА БЕРИЛЕТ
- 15.08.2023
- 0
Жалал-Абад облусу боюнча 2023-жылдын 1-сентябрына карата жалпы 17 мектеп пайдаланууга берилет. Имараттардын басымдуу бөлүгү республикалык бюджеттен каржыланган. Бул тууралуу «Кабар» маалымат агенттигине президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, 12 мектеп өлкө казынасынан, 1 мектеп жергиликтүү бюджеттен, калган 4 мектеп эл аралык фонддордун каржылык көмөгү менен курулган.
Алардан: Аксы районунда 3, Ала-Бука районунда 2, Базар-Коргон районунда 2, Ноокен районунда 2, Сузак районунда 5, Токтогул районунда 2, Тогуз-Торо районундагы 1. Мектеп имараттарын 2023-2024-жаңы окуу жылына карата колдонууга берүү пландалган. Азыркы учурда имараттарды ички жасалгалоо, керектүү жабдыктар менен камсыздоо жумуштары аткарылып жатат.
Облус боюнча жыл аягына чейин жалпы 20 мектеп бүткөрүлөт.
Комментарийлер