ЖАЛАЛ-АБАДДА ОЛИМПИАДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

  • 22.04.2021
  • 0

15-апрелде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Сыргабаев республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды.

ЖАЛАЛ-АБАДДА ОЛИМПИАДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Эскерте кетсек, 2020-жылы өткөрүлгөн облустук мектеп окуучуларынын олимпиадасында 35 окуучу 1-2-орунду ээлеген жана алар март айында республикалык олимпиадага катышмак. Тилекке каршы, пандемияга байланыштуу олимпиаданын республикалык туру өткөрүлбөй калды.
Бирок Билим берүү жана илим министрлиги олимпиаданы уюштуруу комитетинин сунушу менен облустук олимпиаданын 1-2-байгелүү орундарынын ээлерин республикалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү деп таап, сертификаттар жана биринчи орундун ээлерин жекече ноутбук менен сыйлоо чечимин чыгарган. Бул чечим мектеп окуучуларынын билимге болгон умтулуусун курчутуп, мугалимдердин жана ата-энелердин чоң ыраазычылыгын арттырды.

ЖАЛАЛ-АБАДДА ОЛИМПИАДА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо иш-чарасына Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Сыргабаев, орун басары Ы.Ызабеков, жеңүүчү окуучулардын ата-энелери, саяпкер мугалимдери катышты. Ноокен, Жалал-Абад, Аксы райондорунан жана Жалал-Абад шаарындагы Курманбек баатыр атындагы лицейден келишкен олимпиада жеңүүчүлөрүнө билим таймашындагы жетишкен ийгиликтери үчүн Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин жекече ноутбуктары, облустук өкүлчүлүктүн “Ыраазычылык каттары” тапшырылды.

Республикалык олимпиадада кыргыз тили жана адабияты предметинен жеңүүчүсү деп табылган Ноокен районундагы №28 Ч.Айтматов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин 11-классынын окуучусу Жумабек кызы Сүйүмкан Билим берүү жана илим министрлигине,
ал эми Жалал-Абад шаарындагы №5 Б.Осмонов атындагы мектеп-гимназиясынын окуучусу, тарых предметинин жеңүүчүсү болгон Чолпонкул кызы Мираиданын апасы Кенжаева Бүсара облустун жетекчилигине ата-энелердин атынан ыраазычылыгын билдирди.

Салтанаттуу иш-чаранын акырында облустук Билим берүү усулдук борборунун директору А.Токтосунов жеңүүчүлөрдүн Билим берүү жана илим министрлиги менен облустук өкүлчүлүгү тарабынан сыйланышы окуучуларды дагы да көптөгөн ийгиликтерге жана жетишкендиктерге шыктандырарын баса белгиледи.

Облустук Билим берүү усулдук борборунун жетектөөчү адиси Мамат уулу Жумабектин маалыматына караганда, жеңүүчү окуучуларды сыйлоо иш-чарасы жергиликтүү телевидение аркылуу чагылдырылып, басма сөздө жарыяланды.

Нурзат Казыбекова, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер