ЖАЛАЛ-АБАДДА 21 ОКУУЧУ МЕКТЕПКЕ БАРБАЙ ИШТЕП ЖҮРГӨНДҮГҮ АНЫКТАЛДЫ

  • 02.12.2022
  • 0

Жалал-Абадда “Эмгек жана өспүрүм” аталышындагы рейд жүрдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан «Кабар» маалымат агенттигине билдиришти.

ЖАЛАЛ-АБАДДА 21 ОКУУЧУ МЕКТЕПКЕ БАРБАЙ ИШТЕП ЖҮРГӨНДҮГҮ АНЫКТАЛДЫ

Маалыматка ылайык, рейддин алкагында сабак учурунда мектепке барбай, автоунаа жууган, машина базардын ичинде соода-сатык менен алектенген, автоунаалардын маалыматы камтылган кагаздарды саткандар текшерилди.

Маалыматта айтылгандай, рейддин жүрүшүндө 21окуучу мектепке барбай, машина базарда иштеп жүргөндүгү аныкталып, мектеп директорлоруна сунуштар жөнөтүлдү. Алардын ата-энелери чакыртылып, балдарын сабактан калтырбоо керектиги эскертилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аныкталган өспүрүмдөрдүн ичинен 7 окуучу Сузак районунан келишкендиги такталды.

Бөлүшүү

Комментарийлер