Жалал-Абад шаарында Кыргызстан менен Орусия аймактарынын достук паркы түзүлөт
- 11.10.2023
- 0
Жалал-Абад шаарында 2 млн долларга Кыргызстан менен Орусия аймактарынын достук паркы түзүлөт. Бул тууралуу Минкабдын басма сөз кызматы билдирди.
Бул паркты куруу үчүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук капсула салышты.
Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артём Новиков бул парка коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн аянтча, парк павильондору, веложолдор, балдар аянтчалары, ролик аянтчасы, стол оюндары жана шахмат аянтчасы, ошондой эле спорттук кластер (баскетбол, кичи-футбол) курулат. Парктын аянты болжол менен 7 гектарды түзөт. Курулуш иштери кийинки жылы бүтөөрү күтүлүүдө. Жалпы инвестициянын көлөмү 2 млн доллар.
Жапаров өз сөзүндө “Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын достук паркын” курууга капсула салынышы менен эки элдин жана эки өлкөнүн байланыштары достук мамилелеринин ачык далили жана тарыхый жактан бекемделгендигин белгиледи.
“Биздин биргелешкен иш-чарабыз – онунчу кыргыз-орус аймактар аралык конференциясы жана “Кыргызстан менен Россиянын аймактарынын достук паркына” капсула салынышы Орусиянын президенти Владимир Путиндин Кыргызстандагы расмий сапарынын алдында өтүп жатканын белгилеп кетүү кубанычтуу. Бул кыргыз-орус аймактар аралык байланыштарынын, жалпысынан биздин өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн прогрессивдүү өнүгүүсүнүн дагы бир ачык далили”, – деди Акылбек Жапаров.
Өз кезегинде РФнын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Кыргыз Республикасы Россия Федерациясынын стратегиялык өнөктөшү жана союздашы экенин, өлкөлөр ортосунда саясий диалог түзүлүп, аймактар аралык кызматташтык активдүү темпте өнүгүп жатканын белгиледи.
“Эки өлкөнүн аймактарынын достук паркы эң сүйүктүү эс алуу жайына айланып, бүгүн тигилген көчөттөр өсүп, муундардын байланышынын символу болуп калаарына ишенем”, — деди Алексей Оверчук.
Капсула салуу аземинен кийин бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду.
Комментарийлер