ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛГА БАЙЛАНЫШТУУ ЭКИ МЕКТЕП АРАЛЫКТАН ОКУТУУГА ӨТТҮ

  • 30.10.2023
  • 0

Жалал-Абад шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы өзгөчө комиссиянын 2023-жылдын 27-октябрындагы №1 чечиминин негизинде шаар аймагындагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам жана К.Закиров атындагы №2 жана А.Усманов атындагы № 7 орто мектепте кызамык оорусу көп катталгандыгына байланыштуу окуу процесси убактылуу аралыктан окууга өткөрүлөт.

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРЫНДА ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛГА БАЙЛАНЫШТУУ ЭКИ МЕКТЕП АРАЛЫКТАН ОКУТУУГА ӨТТҮ

Ошондой эле ушул эле чечим аркылуу Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнө балдарды массалык эмдөө үчүн №063 форманын негизинде эмдөөдөн баш тарткан, же бир жолку эмдөө алган окуучулардын санын тактап, ар бир мектепте, ар бир бала бакчада эмдөө жасоо жана медициналык кароодон өткөрүү үчүн дарыгерлерге өзүнчө бөлмөлөрдү уюштуруп берүү тапшырылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер