ЖАЛАЛ-АБАД ПЕРИСИ

  • 26.03.2018
  • 0

“Жалал-Абад периси — 2018” сынагында Жалал-Абад шаарындагы Эл аралык университеттин студенти I орунду жеңип алды.

Окуу жайдан кабарлашкандай, ийгиликке жетишкен Муктарбек кызы Айгерим университеттин Гуманитардык-экономикалык колледжинде башталгыч класстарда окутуу адистиги боюнча 3-курста окуйт. Келечектеги педагог өзгөчө өнөрү жана маданий деңгээли менен айырмалангандыгы үчүн сыйланды. Айгеримге университеттин эмгек жамааты жана студенттери окуудагы, келечектеги кесиптик ишмердикте албан-албан ийгиликтерди каалайт.

Бөлүшүү

Комментарийлер