“ЫРЫС-ОРДОНУН” АЧЫЛЫШЫ: ПРЕЗИДЕНТТИН ЖАШТАРГА НАСЫЯТЫ ЖАНА ӨЛКӨНҮН ЖАҢЫ БАГЫТЫ
- 25.08.2026
- 0
Бишкек шаарында 24-августта заманбап “Ырыс-Ордо” мамлекеттик конгресс-борборунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров катышып, жаңы этаптын башталышын жана жолдун шыдыр болушун тилек кылган байыркы тушоо кесүү салты менен комплекстин боосун чечти. Аземге парламенттин, Министрлер Кабинетинин жана сот тутумунун жетекчилери, дипломатиялык өкүлчүлүктөр, ошондой эле дин, маданият, спорт ишмерлери катышты. 
Мамлекет башчысы “Курултай” залында сөз сүйлөп, бул имарат өлкөнүн өсүп жаткан мүмкүнчүлүгүнүн жана келечекке багыт алган заманбап Кыргызстандын жаңы символу экенин белгиледи. Президент өзгөчө жаштарга кайрылып, эгемендүүлүктүн 35 жылында орун алган саясий талаш-тартыштардан, популисттик кыйкырыктардан жана бөлүнүп-жарылуудан алыс болууга насаат айтты. Ал жаштарды улуу муундун каталарынан эмес, жакшы жактарынан үлгү алып, ынтымактуу болууга үндөдү. “Биз куруп жаткан жаңы Кыргызстан бир адамдыкы же бир бийликтики эмес, ал баарыбыздыкы, жалпы элдики, жамы журттуку!” — деп баса белгиледи Садыр Жапаров. 
Жаңы ачылган “Ырыс-Ордо” борбору жана “Бишкек Арена” стадиону толугу менен мамлекеттик каражаттын эсебинен курулганы өлкөнүн ири инфратүзүмдүк долбоорлорду өз алдынча ишке ашырууга кудурети жетип калганын далилдейт. Президенттин айтымында, бул борбор алдыда Шанхай Кызматташтык Уюмунун, ЖККУнун, ЕАЭБдин, Түрк Мамлекеттеринин Уюмунун саммиттери жана глобалдык форумдар өтүүчү негизги аянтчага айланат. Мындай демилге Кыргызстандын эл аралык аброюн көтөрүп, өлкөнү Борбор Азиядагы эл аралык дипломатиянын жаңы борборуна айлантууну көздөйт. Ошондой эле, Мамлекет башчысы алдыдагы ири иш-чараларды — ШКУ саммитин жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын жогорку деңгээлде, кыргыз элинин меймандостугун бүт дүйнөгө көрсөтүү менен өткөрүүгө чакырды. 
Маалымат катары белгилей кетсек, 39 миң чарчы метрден ашык аянтты ээлеген көп функционалдуу “Ырыс-Ордо” конгресс-борбору бир учурда 2 миңден ашык конокту кабыл ала алат. Анын ичинде 1238 орундуу “Курултай” конференц-залы, 1000 орундуу банкет залы, 235 орундуу пресс-зал жана жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө арналган заманбап бөлмөлөр бар. Алдыда бул жайда Элдик Курултайдын жыйындары жана өлкө үчүн маанилүү коомдук-маданий иш-чаралар өткөрүлмөкчү.
А.К., «КБ»



Комментарийлер