ЖАЛАЛ-АБАД МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ
- 16.05.2025
- 0
ЖАЛАЛ-АБАД МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИ
ТАЛАПКЕР БЮДЖЕТТИК ЖАНА КОНТРАКТТЫК БӨЛҮМДӨРГӨ ТӨМӨНКҮ АДИСТИКТЕР БОЮНЧА КАБЫЛ АЛЫНАТ:
ДАРЫЛОО ИШИ
окуу мөөнөтү 3 жыл 6 ай
Дарылоо иши (фельдшер) – өзгөчө жоопкерчиликти талап кылган адистик. Фельдшердик -акушердик пункта жетекчи болуп иштеп, элдин саламатчылыгын сактоого чоң салым кошот. Өз алдынча ооруну аныктап, оорулууну дарылап, алгачкы медициналык жардам көрсөтөт.
АКУШЕРДИК ИШ
окуу мөөнөтү 2 жыл 10 ай
Акушердик иш – акушерлерди даярдайт. Акушерлер негизинен төрөт үйлөрүндө, гинекологиялык бөлүмдөрдө, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда фельдшердик-акушердик пункт-тарда иштөө
үчүн даярдалат.
МЕДИКО-ПРОФИЛАКТИКАЛЫК ИШ
окуу мөөнөтү 2 жыл 10 ай
Медико-профилактикалык иш (санитардык фельдшер) – санитардык-фельдшер санитардык врачтын жардамчысы катарында ооруларды алдын алуу, дезинфекция иштерин жүргүзүү,
лабораториялык иштерди аткаруу менен коомдук мекемеишканаларга, тамактануучу жайларга мамлекеттик санитардык көзөмөл жүргүзөт.
ФАРМАЦИЯ
окуу мөөнөтү 2 жыл 10 ай
Фармация — фармацевттин негизги милдети рецепт боюнча жогорку сапаттагы дары жасоо, элди дары-дармек, дары өсүмдүк сырьёлору, санитардык-гигиеналык каражаттар менен камсыз
кылуу. Элди керектүү дарылар менен камсыз кылуу, элдин ден соолугун сактоодо чоң салым болот.
МЕДИЦИНАЛЫК АЙЫМ ИШИ
окуу мөөнөтү 2 жыл 10 ай
Медициналык айым иши- бүгүнкү күндө медицина тармагында негизги орунду ээлейт. Медайымдар бейтаптарга кам көрөт, дарыгердин жардамчысы болуу менен гана чектелбестен, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун стратегиясына ылайык дарыгерге чейинки диагноз коюп, өз алдынча дарылай алат. Эл аралык стандарт боюнча билим алып, шериктеш
мамлекеттерде жумушка орношо алышат. Окууну ийгиликтүү аяктагандар, КММАда ачылган Жогорку билимдүү сестралык иш адиси факультетинен окуусун улантууга болот.
ПРОФИЛАКТИКАЛЫК СТОМАТОЛОГИЯ
окуу мөөнөтү 2 жыл 10 ай
Профилактикалык стоматология — стоматология бөлүмүнүн бүтүрүүчүлөрү тиш дарыгери катары балдарга жана чоңдорго стоматологиялык жардам бере турган кесип ээлери. Алар төмөнкү жумуштарды аткара алышат:
— тиш дарылоо диагностика-сын;
— санитардык-профилактика-лык (санация) иштерди жүргүзөт.
ЛАБОРАТОРИЯЛЫК ДИАГНОСТИКА
окуу мөөнөтү 2 жыл 10 ай
Лабораториялык диагностика – лабораториялык диагноз оорулууга туура диагноз коюунун негизи болуп саналат жана бейтаптын туура дарылануусуна шарт түзөт. Диагноздун так коюлушу — 50% сакайганга тете. Фельдшер-лаборанттар клиникалык, биохимиялык, бактерологиялык лабораторияларда лабораториялык аныктоо ишин жүргүзүү үчүн даярдалат.
ОРТОПЕДИЯЛЫК СТОМАТОЛОГИЯ
окуу мөөнөтү 2 жыл 10 ай
Ортопедиялык стоматология– тиш техниги адистигин алуу менен, ар түрдүү материалдардан тиш протездерин жасоо, бет-жаак протездерин даярдоо боюнча кесиптик ишмердүүлүккө үйрөнөт. Саламаттык сактоо уюмдарына стоматология профилиндеги тиш технигин даярдайт.
Дареги: Жалал-Абад шаары, Курорт көчөсү-2,
тел.: (03722) 5-41-13, 0770 38 31 71, 0508 76 33 92
E-mail. [email protected]
Комментарийлер