ЖАКтын ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНЫ КУРЧ ТАЛКУУ МЕНЕН КОШТОЛДУ

  • 27.02.2020
  • 0

ЖАКтын ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНЫ КУРЧ ТАЛКУУ МЕНЕН КОШТОЛДУ

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын отчёттук жыйыны болду. Бул жыйындагы талкуунун жүрүшүнөн илимий чөйрөдө принциптүү мамилелерге артыкчылык бериле баштаганы сезилип турду.

Жыйында ЖАК төрайымы, м.и.д. Бакыт Тыналиева, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти Мурат Жуматаев, Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр институтунун деректири Эмилбек Каптагаевдер чыгып сүйлөштү.

ЖАКтын ЖЫЛДЫК ЖЫЙЫНЫ КУРЧ ТАЛКУУ МЕНЕН КОШТОЛДУ

ЖАК башкы окумуштуу катчысы, ю.и.к, филол. и.к. Нургүл Атабекова «Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын 2019-жылдагы ишмердиги жөнүндө» мазмундуу баяндама жасады. Отчёт боюнча түрдүү суроолор берип, кайчы көз караштар айтылды. Талкуунун курчтугу илимий чөйрөдө изилдөөлөрдү туура уюштурууга, калыс, катаал баалоого талап күчөп баратканынан кабар берет. ЖАК жетекчилиги да сын пикирлердин айтылып турушун жактай тургандыгын Бакыт Тыналиева билдирди.

«Антиплагиат» жабык акционердик коомунун аткаруучу деректири, ф.-м.и.к. Юрий Чеховичтин «Өздөштүрүп алууларды улуттук деңгээлде текшерүүнү уюштуруу жөнүндө» баяндамасын да жыйындын катышуучулары абдан кызыгуу менен угушту.

Жалпысынан ЖАКтын өткөн жылдагы ишмердиги канааттандырарлык деп бааланды.

 

Жолдош Турдубаев.

Бөлүшүү

Комментарийлер