Жакшылык Шарипович Кожобаевдин элесине арналат
- 28.06.2025
- 0
2024-жылдын 7-июнунда 77 жаш курагында Жакшылык Шарипович Кожобаев дүйнөдөн кайтты — көрүнүктүү окумуштуу, педагог, техника илимдеринин кандидаты, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин «Имараттарды долбоорлоо, куруу жана сейсмого туруктуу курулуш» кафедрасынын профессору. Анын көзү өткөнү жалпы илимий жана билим берүү коомчулугу үчүн орду толгус жоготуу болду.
Жакшылык Шарипович 1948-жылдын 16-январында Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ой-Тал айылында туулган. Балалыгынан эле техникалык илимдерге кызыгып, бул багыт анын бүткүл өмүр жолун аныктаган. 1971-жылы ал Фрунзе политехникалык институтун артыкчылык диплому менен аяктап, ошол эле жылы «Материалдар каршылыгы» кафедрасында окутуучу болуп иштей баштаган.
1988-жылы Москвадагы В.В. Куйбышев атындагы инженердик-курулуш институтунда кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. Андан кийин анын өмүрү илимге жана билим берүүгө, инженердик кадрларды даярдоого арналган. Ал көптөгөн студенттерге, магистранттарга, аспиранттарга насаатчы, устат болгон.
Жакшылык Шарипович билим берүү тармагында гана эмес, инженердик жана уюштуруучулук чөйрөдө да өзүнүн таасирин калтырган. Ал «Горпроект», «КНИИП» мекемелеринде, ошондой эле КР Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде жетекчилик кызматтарды аркалаган. 2002-жылдан баштап Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде эмгектенип, ошол эле учурда И. Раззаков атындагы КМТУда да илимий-окутуучулук ишмердигин уланткан. Анын жетекчилиги менен ондогон магистрдик иштер ийгиликтүү корголгон.
Профессор Кожобаев курулуш илимине олуттуу салым кошкон. Ал 60тан ашуун илимий макаланын, бир нече автордук күбөлүктөрдүн жана монографиялардын, окуу китептеринин автору жана авторлошу болгон. Анын эмгектери Кыргызстанда гана эмес, Түркияда, Францияда, Сауд Аравиясында жана башка өлкөлөрдөгү эл аралык конференцияларда тааныштырылган.
Ал Түркиянын Эрзинжан (1992), Стамбул (2005) шаарларында, Франциянын Париж (2000) шаарында тажрыйба алмашуу программаларынан өткөн. 2015-жылы КТМУнун мечитин курууда кошкон зор салымы үчүн Сауд Аравиядагы Мекке шаарына ажылык сапар менен сыйланган.
Анын эмгектери Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен жана Премьер-министрдин ыраазычылык каты менен белгиленген. Бирок, анын башкы сыйлыгы — кесиптештеринин урмат-сыйы, студенттердин сүйүүсү жана үй-бүлөсүнүн колдоосу болгон. Үй бүлөдө сүйүктүү жар, мээримдүү ата болгон жубайы Кубатова Шаарбүбүгө, кыздары Мунара жана Чынара, уулу Кумарга кайрат айтабыз.
Жакшылык Шарипович — терең билимдүү, адамгерчиликтүү, жөнөкөй жана жогорку моралдык сапаттарга ээ инсан катары эл эсинде калат. Ал жашоосунун ар бир мүнөтүн мекенге кызмат кылууга арнады. Анын өмүр жолу — чыныгы интеллигенттин, окутуучунун, жарандык жоопкерчиликти сезген инсандыктын үлгүсү болуп калды.
Жакшылык Шарипович Кожобаевдин жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүк сакталат.
Терең кайгыруу менен жана урматтоо менен: М.К. Чыныбаев, А.А. Абдыкалыков, Э.И. Сырымбекова, А.М. Арзыбаев, Ж.Д. Сыдыков, А.Т. Асиев, Н.Ж. Маданбеков, К.Ч. Кожогулов, Б.Э. Таштобаева, М.А. Мырзалиева, А.К. Мусаева, Ж.Ы. Маматов, А.Р. Абдиев, Т.Ы. Маткеримов, Г.Дж. Кабаева, К.А. Кармышаков, А.А. Усупкожоева, И.А. Рысбаева, Р.А. Акпаралиев, С.Т. Кожобаева, Ч.К. Сыдыкова, А.А. Абылаева, А.К. Султанова, «Имараттарды долбоорлоо, куруу жана сейсмого туруктуу курулуш» кафедрасы жана Н. Исанов атындагы Кыргыз инженердик-курулуш институтунун жамааты.
Комментарийлер