ОШТУДА ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ
- 13.11.2026
- 0
Ош технологиялык университетинде 2026-жылдын 12-ноябрында Эл аралык илим күнүнө арналган «Илим ОшТУ2026: Инвестициялар, жашыл инновациялар жана университеттин ички илимий өнүгүүсү» аттуу салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага университеттин жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курамдын өкүлдөрү, илимий кызматкерлер, изилдөөчүлөр жана студенттер катышты.
Салтанатты ОшТУнун ректору, профессор ЖанболотТурсунбаев ачып, катышуучуларды Эл аралык илим күнүменен куттуктады. Өз сөзүндө ректор 2025–2026-жылдардагы университеттин илимий жетишкендиктерине токтолуп, илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү, гранттык долбоорлорду ишке ашыруу жана жаш окумуштууларды колдоо багыттарындагы иштердин маанисин белгиледи. Ошондой эле илим университеттин туруктуу өнүгүүсүнүн жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун негизги факторлорунун бири экенин баса белгиледи.
Иш-чаранын жүрүшүндө университеттин 2025–2026-жылдардагы илимий жетишкендиктери, эл аралык жана ички гранттык долбоорлор, илимий изилдөөлөрдү каржылоо, инновациялык өнүгүү, QS Asia 2027 эл аралык рейтингиндеги көрсөткүчтөр, студенттик стартаптар, жашыл инновациялар жана Илимий инновациялык изилдөө институтунун ишмердүүлүгү боюнча презентациялар жасалып, университеттин илимий потенциалын жогорулатуу жана келечектеги өнүгүү багыттары талкууланды.
Салтанаттын алкагында университеттин илимий, илимий-техникалык жана инновациялык ишмердүүлүгүнө салым кошкон окутуучулар, илимий долбоорлордун аткаруучулары жана жамааттар сыйланды. Аларга Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин, Ош шаардык мэриясынын жана Ош шаардык кеңешинин, Ардак грамоталары, ошондой эле КРнын Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин «Кесиптик бирликтеги мыкты эмгеги үчүн» төш белгиси тапшырылды. Мындан сырткары, ОшТУнун кесиптик бирлик комитетинин баалуу сыйлыктары комитеттин төрайымы Багдагүл Тиленбаева тарабынан тапшырылды. Ошондой эле илимий көрсөткүчтөрү жогору болгон алдыңкы үч кафедра аныкталып, сыйланды. Илимий ишмердүүлүгүндө жогорку натыйжаларга жетишкен окутуучулар рейтингдин негизинде аныкталып, дипломдор менен сыйланышты. Ал эми илимий долбоорлордун аткаруучуларына эмгектеринин жыйынтыгы үчүн акчалай сыйлыктар жана ыраазычылык каттар тапшырылды.
Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кут Билим”