ОшТУда студенттердин ата-энелери менен жолугушуу өткөрүлдү
- 13.11.2026
- 0
Ош технологиялык университетинин гуманитардык-технологиялык колледжинин Программалоо жана маалыматтык инновациялар предметтик-циклдик бирикмесинде билим алган студенттердин ата-энелери менен жолугушуу болуп өттү.
Иш-чара аталган предметтик-циклдик бирикменин демилгеси менен уюштурулуп, ага окуу жайдын жетекчилиги, окутуучулар, студенттер жана алардын ата-энелери катышты.
Жолугушууну предметтик-циклдик бирикменин башчысыБектур Өмүрзаков ачып, иш-чаранын максатына токтолду.
Андан соң окуу иштери боюнча проректор Эрнисбек Алайчиев сөз сүйлөп, студенттердин сапаттуу билим алуусунда окуу жай менен ата-энелердин тыгыз кызматташуусу маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле ата-энелерди балдарынын окуусуна, сабакка катышуусунажана тартибине көңүл буруп, окуу жай менен үзгүлтүксүз байланышта болууга чакырды. Мындан сырткары, окуу процессинин жүрүшү жана билим берүү багытында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.
Колледждин директору Толонбай Саадалов да сөз сүйлөп, колледждеги билим берүү шарттары, студенттердин жетишкендиктери жана алдыдагы милдеттер тууралуу ой бөлүштү.
Жолугушуунун жүрүшүндө окууда жана коомдук иштерде активдүүлүгү, жетишкендиктери менен айырмаланган студенттер Ардак грамоталар менен сыйланышты. Ал эми студенттердин билим алуусуна колдоо көрсөтүп, окуу жайменен тыгыз байланышта болуп келген ата-энелерге ыраазычылык каттар тапшырылды.
Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, студенттер тарабынан музыкалык жана чыгармачылык номерлер тартууланды.
Жолугушуунун соңунда кураторлор ата-энелер менен өз-өзүнчө баарлашып, тайпалардын студенттеринин окуу жетишкендиктери тууралуу маалымат беришти. Ошондойэле ата-энелер үчүн окуу жайдын имараттарына экскурсия уюштурулуп, колледждеги билим берүү шарттары жана окуу процесси менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
Айнагүл КАШЫБАЕВА, “Кут Билим”