ТУУЛГАН ЖЕРДИН ЫРЫ ЖҮРӨГҮНӨ БҮТКӨН АКЫН ЖУМАКАН ТЫНЫМСЕЙИТОВА

  • 13.11.2026

Поэзиянын назик добушу, Нарындын толкуну жана Он-Арчанын өчпөс элеси

ТУУЛГАН ЖЕРДИН ЫРЫ ЖҮРӨГҮНӨ БҮТКӨН АКЫН ЖУМАКАН ТЫНЫМСЕЙИТОВААйрым адамдардын өмүрү кыска болгону менен, артында калтырган руханий мурасы узак жашайт. Алардын үнү мезгил өткөн сайын басаңдабайт, тескерисинче, жаңы муундардын жүрөгүнө жетип, кайрадан жаңырып турат. Анткени чыныгы таланттын өмүрү календардагы жылдар менен эмес, калтырган чыгармаларынын жашоо күчү менен өлчөнөт.

Кыргыз поэзиясында ошондой өзгөчө тагдырга ээ инсандардын бири — акын, жазуучу, журналист Жумакан Тынымсейитова.

Анын ысымы кыргыз адабиятынын тарыхында өз орду бар калемгер катары аталууга тийиш. Жумакан эженин чыгармачылыгы — туулган жерге болгон сүйүүнүн, табияттын кооздугун сезе билүүнүн, адамдын ички дүйнөсүн назик туюунун жана элдик турмуштун көркөм чагылдырылышынын үлгүсү.

ТУУЛГАН ЖЕРДИН ЫРЫ ЖҮРӨГҮНӨ БҮТКӨН АКЫН ЖУМАКАН ТЫНЫМСЕЙИТОВАМен үчүн бул ысымдын дагы бир өзгөчө мааниси бар. Жумакан эже экөөбүз бир айылдан — Он-Арчадан болобуз. Бир эле жердин абасын жутуп, бир эле тоолордун, адырлардын, өрөөндөрдүн элесин жүрөгүбүзгө жакын туткан айылдашпыз. Тилекке каршы, көзү тирүүсүндө эже менен жүз көрүшүп, баарлашуу бактысы мага буюрбады. Бул — көңүлдө калган арман.

Бирок адам менен жүз көрүшпөй калганың анын руханий дүйнөсүнө жакындоого тоскоол боло албайт экен. Анын ырларын окуп, обондуу чыгармаларын угуп, ырдап жүрүп, Жумакан эжени чыгармачылыгы аркылуу таанууга болот. Кээде адамдын өзү менен жолугушпай каласың, бирок анын жүрөгүнөн жаралган ырлар менен өмүр бою тааныш болуп жашайсың.

ТУУЛГАН ЖЕРДИН ЫРЫ ЖҮРӨГҮНӨ БҮТКӨН АКЫН ЖУМАКАН ТЫНЫМСЕЙИТОВАОн-Арчадан башталган чыгармачылык жол

Жумакан Тынымсейитова 1929-жылы Нарын аймагындагы Он-Арча айылында жарык дүйнөгө келген. Айылдык мектептен жети жылдык билим алгандан кийин Нарын педагогикалык окуу жайында окуган. Кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин сырттан окуп бүтүргөн.

Анын эмгек жолу да өз доорунун маданий турмушу менен тыгыз байланышкан. Алгач китепканачы болуп иштеп, кийин Нарын облустук радиодо диктор болгон. Облустук “Нарын правдасы” жана райондук “Жеңиш” гезиттердин редакцияларында адабий кызматкер катары эмгектенген. Өмүрүнүн кийинки жылдарында балдар мекемесинде жетекчилик кызматты аркалаган.

Бул кесиптердин ар бири анын чыгармачылык дүйнөсүнө өз таасирин тийгизгени талашсыз. Китепкана — билимдин жана руханий дүйнөнүн эшиги. Радио — сөздүн үн аркылуу элге жеткен аянты. Гезит — коомдун турмушун, мезгилдин демин чагылдырган маалымат майданы. Ал эми балдар менен иштөө — адамдын жан дүйнөсүндөгү тазалыкты, мээримди жана келечекке болгон ишенимди сактоого үндөгөн өзүнчө дүйнө.

Жумакан эже ушул чөйрөлөрдүн баарында эмгектенип, ошол эле учурда поэзияга болгон сүйүүсүн сактап калган.

Анын ырлары 1957-жылдан тартып басма сөз беттеринде жарыялана баштаган. 1961-жылы «Сыбызгы» аттуу алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. Кийин «Нарын толкундары», «Соң-Көл дептери», «Ыргактар», «Ата-Журт ыргактары» сыяктуу китептери окурмандардын колуна тийген. Балдарга арналган чыгармалары да жарык көрүп, «Акыркы жолугушуу» аттуу пьесасы театр сахнасына коюлган.

Мындай чыгармачылык жол анын поэзияга бир эле учурда акындык, журналисттик жана турмуштук байкоочу катары келгенин көрсөтөт.

«Сыбызгы» — жүрөктүн назик обону

Акындын алгачкы ырлар жыйнагынын «Сыбызгы» деп аталышынын өзү эле анын поэтикалык дүйнөсү тууралуу көп нерсени айтып тургандай.

Сыбызгы — тоо арасында жаңырган назик үн. Ал катуу жаңырбайт, бирок адамдын көңүлүн өзүнө бурат. Анын обону алыстан угулуп, жүрөккө жакын жетет. Жумакан Тынымсейитованын поэзиясында да ушундай касиет бар.

Анын ырлары окурманды катуу сөздөр, жасалма пафос же ашкере сүрөттөөлөр менен эмес, табигыйлыгы, ички жылуулугу жана обондуулугу менен өзүнө тартат.

Акындын поэзиясына мүнөздүү өзгөчөлүктөрдүн бири — ырдын окуганга жеңил, укканга жагымдуу болушу. Бул жөнөкөйлүк көркөм ойдун жупунулугун билдирбейт. Тескерисинче, турмуштун татаал көрүнүштөрүн элге түшүнүктүү, жүрөккө жакын тил менен бере билүү — чыныгы акындык чеберчиликтин, таланттын белгиси.

Жумакан эже ырларында элдик поэзиянын ыргагын, обондуу сөздүн табиятын, кыргыз турмушунун көркөм дүйнөсүн өздөштүргөн. Анын чыгармаларынан фольклордук мурастын таасири сезилгени менен, акындын өзүнө гана таандык лирикалык үнү даана байкалат.

ТУУЛГАН ЖЕРДИН ЫРЫ ЖҮРӨГҮНӨ БҮТКӨН АКЫН ЖУМАКАН ТЫНЫМСЕЙИТОВАТуулган жердин топурагы — поэзиянын түгөнбөс булагы

Жумакан Тынымсейитованын чыгармачылыгындагы эң маанилүү багыттардын бири — туулган жерге болгон сүйүү.

«Он-Арчам», «Нарын», «Жайлоодо», «Соң-Көл дептери» сыяктуу чыгармаларынын аталышынан эле акындын жан-дүйнөсү кайсы топурактан тамыр алганын аңдоого болот.

Он-Арча — анын балалыгы өткөн айыл гана эмес, чыгармачылык сезимдеринин башаты. Нарын — анын жашоосуна жакын аймактын аты гана эмес, поэзиясындагы табигый образдардын бири. Жайлоо, тоо, булак, гүл, жаз, шамал — мунун баары акындын көркөм дүйнөсүндө адамдын ички сезимдери менен жуурулушуп кетет.

Айылдын жөнөкөй турмушу анын ырларында көркөм мазмунга айланат. Чабан кыз, жайлоодогу тиричилик, комуздун күүсү, эненин мээрими, айылдаштардын мамилеси, кыргыз үйүнүн жана боз үйдүн төрү — бул көрүнүштөрдүн ар биринде улуттук турмуштун өзүнө таандык өңү, касиети бар.

Акындын «Комуз күүсү», «Чабан кызга окшодум», «Кыргызымдын төрүндө», «Бах, жытың ай, мамыры» сыяктуу ырлары анын поэзиясындагы элдик турмуш менен лирикалык сезимдин өз ара айкалышын көрсөтөт.

Мындай чыгармаларды окуганда акын өзү көргөн, сезген, жүрөгүнө жакын кабыл алган дүйнөнү бизге да тааныштырып жаткандай таасир калат.

Анын поэзиясында туулган жер жөн гана географиялык түшүнүк, киндик каны тамган жер эмес. Ал — адамдын эс тутуму, балалыгы, тагдыры, улуттук баалуулугу, сыймыгы жана руханий таянычы.

ТУУЛГАН ЖЕРДИН ЫРЫ ЖҮРӨГҮНӨ БҮТКӨН АКЫН ЖУМАКАН ТЫНЫМСЕЙИТОВААялзатынын назик дүйнөсү жана лирикалык сезим

Жумакан Тынымсейитова эженин поэзиясынын дагы бир өзгөчөлүгү — адамдын, айрыкча аялзатынын ички дүйнөсүн назик туюп, көркөм чагылдыргандыгында.

Анын ырларында сүйүү, сагыныч, кубаныч, уялуу,  нарк, үмүт, жаратылышка суктануу сыяктуу сезимдер табигый агымда берилет. Акындын лирикалык каарманы турмуштан алыстап кетпейт. Ал элдин арасында жашайт, эмгектенет, кубанат, ойлонот, сүйөт, кээде толкунданып, кээде тынчтык, бейпилдик издеп калат.

Анын поэзиясындагы аялзатынын ички дүйнөсү жасалма кооздукка эмес, жашоонун өзүнө нукуралыгына таянат. Ошондуктан ырлардагы сезимдер окурманга ишенимдүү жана жакын угулат.

Бул жагынан алганда Жумакан Тынымсейитованын чыгармачылыгы кыргыз аялдар поэзиясынын өнүгүшүндөгү маанилүү көрүнүштөрдүн бири болуп саналат. Ал адабиятка өзүнүн жеке үнү, өзүнүн сезими, жан- дүйнөсү менен келген акындардын катарында турат.

Адабиятчы Аида Эгембердиева кыргыз аялдар поэзиясынын көркөм табиятын изилдеген эмгегинде Жумакан Тынымсейитованын ырларына өзүнчө токтолуп, алардын музыкалуулугун, кыргыз турмушуна жакындыгын жана романтикалык мүнөзүн  баса белгилейт.

Бул баа акындын чыгармачылыгын жөн гана эскерүү эмес, адабий талдоонун негизинде да кароого болорун көрсөтөт.

ТУУЛГАН ЖЕРДИН ЫРЫ ЖҮРӨГҮНӨ БҮТКӨН АКЫН ЖУМАКАН ТЫНЫМСЕЙИТОВАЫрдын обонго айланган керемети

Жумакан эженин чыгармаларынын дагы бир баалуу касиети — алардын музыкалуулугу болуп саналат.

Кээ бир ырлар кагаз бетинде гана жашайт. Кээ бирлери болсо окулуп эле тим болбой, обонго айланып, элдин оозунда жашап кетет. Мындай ырлардын өмүрү өзгөчө узун болот. Анткени алар адамдын жеке сезиминен чыгып, жалпы элдин руханий дүйнөсүнө кошулат.

Жумакан Тынымсейитованын ырларындагы обондуулук да ушундай өзгөчөлүккө ээ. Анын сөздөрүнө обон жаратууга, ырдап айтууга ыңгайлуу ички ыргак мүнөздүү.

Биз бүгүн да  Кыргыз  маданиятына эмгек сиңирген ишмер, белгилүү обончу Сайыргазы Түркмөнов агай жараткан айрым обондуу ырларын ырдап жүрөбүз.  Менин раматылык апам Керез Жакыпова да Жумакан эженин сөзүнө жазылган “Ай чыкты тоодо суйкайып” деген обондуу ырын укмуштай керемет аткарчу эле.  Апамдын ошол элесин ай чыккан сайын эстеп, кыңылдап ырдап калам. Кээде ырдын авторунун өмүр баянын билбеген адам да анын сөздөрүн жатка айтып, обонун кошо созуп калышы мүмкүн. Бул — поэзиянын элге сиңгендигинин, акындын сөзү турмуш менен аралашып кеткенинин белгиси.

Акындын ырларынын элдик обонго жакындыгы анын чыгармачылыгындагы табигый талантты айгинелейт.

ТУУЛГАН ЖЕРДИН ЫРЫ ЖҮРӨГҮНӨ БҮТКӨН АКЫН ЖУМАКАН ТЫНЫМСЕЙИТОВАЖурналисттик эмгек жана сөзгө болгон жоопкерчилик

Жумакан Тынымсейитованын чыгармачылык жүзүн акындык менен гана чектеп кароо жетишсиз. Ал журналистика тармагында да жигердүү эмгектенген.

Радиодо диктор болуп иштегени, облустук жана райондук гезиттердин редакцияларында адабий кызматкер болгону анын сөз өнөрүнө болгон мамилесин дагы тереңдеткен.

Журналист үчүн сөз — коомго маалымат жеткирүүнүн куралы. Акын үчүн сөз — адамдын ички дүйнөсүн ачкан көркөм каражат. Бул эки өнөрдүн табияты ар башка болгону менен, экөөнү тең бириктирген нерсе — сөздүн күчү жана жоопкерчилиги.

Жумакан эже ушул эки багытты өз өмүрүндө айкалыштыра алган чыгаан калемгер эле. Анын ырларындагы турмуштук байкоолор, элге жакын образдар, жөнөкөй адамдардын дүйнөсүнө болгон көңүл буруу журналисттик тажрыйбасы менен да үндөшүп тургандай. Айрыкча Жумакан эженин калеминен жаралган очерктерди аңгемедей берилип окуп, каармандын образын көз алдыма элестетип калам.

Мындан тышкары, анын «Акыркы жолугушуу» пьесасы драматургияга да кайрылганын далилдейт. Демек, ал поэзия менен гана чектелбестен, көркөм сөздүн башка жанрларында да өз күчүн сынаган таланттуу калемгер болгон.

ТУУЛГАН ЖЕРДИН ЫРЫ ЖҮРӨГҮНӨ БҮТКӨН АКЫН ЖУМАКАН ТЫНЫМСЕЙИТОВАКыска өмүр, узак чыгармачылык мурас

Жумакан Тынымсейитова 1975-жылы, 46 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Анын өмүрү кыска болду. Бирок артында калтырган чыгармалары бул өмүрдүн канчалык мазмундуу, чыгармачылык изденүүгө бай болгонун көрсөтүп турат.

Акын эжебиздин  чыгармаларынын эки томдук жыйнагы жана бакшка китептери өзү дүйнөдөн өткөндөн кийин кызы,  физико-математика илимдеринин доктору, Кыргыз Улуттук Илимдер академиясынын коореспондент-мүчөсү,  Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, профессор Рая Султаналиева эженин жана Жумакан эженин экинчи кызынын жолдошу, ИИМдин экс-министри, Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты, милициянын генерал-лейтенанты Бакирдин Субанбековдун  демөөрчүлүгү менен жарык көргөн. Бул анын чыгармачылык мурасына болгон кызыгуунун, ырларынын окурман үчүн маанисин жоготпогонунун бир белгиси.

Анын чыгармаларын бүгүн кайрадан окуп, талдап, жаш муундарга тааныштыруу зарыл. Анткени ар бир акындын чыгармачылыгы өз мезгилинин гана энчиси болуп калбашы керек. Чыныгы адабият муундан муунга өтүп, ар бир доордо жаңыча кабыл алынып жашайт.

Жумакан эженин поэзиясы да ошондой мураска, баалуулукка татыктуу.

ТУУЛГАН ЖЕРДИН ЫРЫ ЖҮРӨГҮНӨ БҮТКӨН АКЫН ЖУМАКАН ТЫНЫМСЕЙИТОВААйылдаш акынга айтылбаган калган салам

13-ноябрда Бишкектеги  Чыңгыз Айтматов атындагы китепканада Жумакан Тынымсейитованын чыгармачылыгына арналган эскерүү кечеси болуп өттү. Бул кеченин демилгечиси, калемдеш иниси, Кыргыз Эл жазуучусу, таланттуу акын Асан Жакшылыков агай болуп саналат. Эскерүү кечеде акындын чыгармачылыгы тууралуу замандаштары пикирлерин айтышып, обон чыгарылган ырлары аткарылды. Кечени Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин төрагасынын орун басары, акын Керимбек Кадыракунов алып барды.

Бул кечеде биз акынды гана эскербестен, анын сөз өнөрүнө, кыргыз адабиятына кошкон салымына, туулган жердин атын поэзия аркылуу даңазалаган чыгармачылык мурасына таазим кылабыз.

Мен үчүн бул жолугушуунун өзгөчө мааниси бар. Анткени Жумакан эже менин айылдашым деп жогоруда айттым. Эже менен көзү тирүүсүндө жолугуп, колун кармап, чыгармачылыгы тууралуу сүйлөшө албай калдым. Ушул күнгө чейин көңүлүмдө ошол арман турат.

Эгер бүгүн эже арабызда болгондо, балким, Он-Арчанын өткөн-кеткенин, айылдын өзгөрүшүн, Нарындын турмушун, поэзиянын түйшүгүн сүйлөшмөкпүз. Анын ырларынын жаралуу тарыхын өз оозунан укмакпыз. Тилекке каршы, андай мүмкүнчүлүк болбоду.

ТУУЛГАН ЖЕРДИН ЫРЫ ЖҮРӨГҮНӨ БҮТКӨН АКЫН ЖУМАКАН ТЫНЫМСЕЙИТОВАБирок бүгүн анын ырлары биз менен. Анын сөзү, обону, туулган жерге болгон сүйүүсү биз менен. Эң башкысы, анын чыгармачылыгы аркылуу биз Жумакан эжени кайрадан таанып, анын руханий дүйнөсүнө жакындай алабыз. Адамдын өмүрү өтөт. Бирок жүрөктөн чыккан ырдын өмүрү улана берет экен.

Он-Арчанын тоолору, Нарындын толкундары, Соң-Көлдүн керемет табияты, жайлоонун жыпар жыты — мунун баары акындын ырларында жашап келүүдө.

Жумакан эженин чыгармачылыгы — туулган жердин поэзияга айланган элеси. Анын ырлары — жүрөктөн чыккан назик сыбызгы. Ал сыбызгыны угуп, анын обонун сезген ар бир окурман акындын руханий дүйнөсү менен кайрадан жолугат.

Жумакан эже, Сиз менен көзү тирүүңүздө жолугуша албасам да, ырларыңыз аркылуу Сизди таанып келем. Айылдаш иниңиз катары Сизге болгон сый-урматым өзгөчө. Сиздин чыгармачылык мурасыңыз Он-Арчанын, Нарындын жана жалпы кыргыз адабиятынын руханий казынасында жашай берсин!

Кабыл Макешов,

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер,

 журналист, жазуучу, айылдаш иниси

 

Бөлүшүү