ЖАКШЫ ЖАМААТ ИШТЕТЕТ, МЫКТЫ ЖАМААТ ШЫКТАНДЫРАТ

  • 20.02.2023
  • 0

Мен билим берүү тармагында жыйырма жылга жакын иштеп, жаш муундарга өз билим-тарбиямды талыкпастан берип келем.

ЖАКШЫ ЖАМААТ ИШТЕТЕТ, МЫКТЫ ЖАМААТ ШЫКТАНДЫРАТ

Учурда  мен Аксы районундагы Кайры Узенова атындагы «Арча бешик» мектепке чейинки билим берүү уюмунунда иштеп жатам. Менин айтайын дегеним, мыкты жамаатта иштөөнүн өзү чоң бакыт!

ЖАКШЫ ЖАМААТ ИШТЕТЕТ, МЫКТЫ ЖАМААТ ШЫКТАНДЫРАТ

Жакшы табылганы ортого салып, ийрини түздөп, кемди толтуруп, орошон ойду бөлүшүп иштөөнүн өзү чоң ийгиликтерди жаратаарына күбө болдум. Мейли окуу-тарбия иштери болсун, мейли коомдук иштер болсун, мейли спорттук иш-чаралар болсун бир муштумга биригип, бир максатта аракеттенип, аздыр-көптүр ийгиликтерди жаратып жатабыз.

ЖАКШЫ ЖАМААТ ИШТЕТЕТ, МЫКТЫ ЖАМААТ ШЫКТАНДЫРАТ

Сөзүм куру болбосун. «Жылдын мыкты мектепке чейинки билим берүү уюму» сынагында, билим берүү кызматкерлеринин арасында өтүлгөн спартакиадасында жана башка сынактарда активдүүлүктү көрсөтүп, ийгиликтерди жарата алдык. Мындай ийгиликтердин жаралышына уюмдун жетекчиси Тилешова Жамила, кесип бирлигинин төрайымы Шадыбекова Бузакира баш болгон ар бир кызматкердин салымы бар. Мындай иш десе, ичкен ашын жерге койгон эмгек жамаатында иштегениме ар убак сыймыктанам.

Гүлшайыр ЗЫЯБЕКОВА,
Аксы районундагы Кайры Узенова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун тарбиячысы

Бөлүшүү

Комментарийлер