ЖАКШЫ КИТЕП – ЖАНГА АЗЫК
- 01.03.2021
- 0
И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогикалык колледжинин ага окутуучусу Сокурова Жыргал Карагуловнанын ЮСАИДдин колдоосу аркылуу жарык көргөн «Бал чогулткан достор», «Веселые пчелки», Сенин көзүң» жана акын, журналист Айнагүл Базарбаева менен бирдикте чыгарган «Расул «Р»ны үйрөнөт» аттуу китептеринин бет ачары болуп өттү.
Иш-чара «Өнөктөштүк өргө жетелейт» деп аталып, жарык көргөн китептерди башталгыч класстарда окутууда пайдалануунун мааниси, ири форматтагы китептерди пайдалануу жана аны жайылтуу, бул аракеттерди ишке ашыруудагы ЮСАИДдин көмөгү тууралуу талкуу болду.
Китептер мектептерге бекер таратылып берилет жана башталгыч класстын окуучулары үчүн предметтер боюнча темаларга кошумча окуу үчүн арналган. Китептер ЮСАИДдин «Келгиле окуйбуз» долбоорунун негизинде иштелип чыкты жана авторлор бул долбоордун мүчөлөрүнө, айрыкча Бактыгүл Исмаиловага, «Уя» басмаканасынын жетекчиси Жаныбек Абидетегинге ыраазычылык билдирет.
Комментарийлер