ЖАК ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ

  • 06.03.2018
  • 0

 Бишкекте 6-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку аттестациялык комиссиясынын жалпы жыйыны болду.

ЖАК ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫН ЧЫГАРДЫ

Жыйында ЖАК башкы окумуштуу катчысы, юридика илимдеринин жана филология илимдеринин кандидаты Нургүл Атабекова бул мекеменин былтыркы жылдагы ишмердиги жөнүндө, ал эми   ЖАК төрайымы, медицина илимдеринин доктору, профессор Бакыт Тыналиева ЖАКтын 2018-жылдагы орчундуу милдеттери жөнүндө баяндама жасашты.

Россия Федерациясынан келген конок, «Антиплагиат» жабык акционердик коомунун аткаруучу деректири, физика-математика илимдеринин кандидаты Юрий Чехович илимдеги уурулукту азайтуунун техникалык мүмкүнчүлүктөрү, которуу аркылуу бирөөнүн эмгенин ээлеп алууга бөгөт коюу жолдору тууралуу айтып берди.

Жогорку Кеңеш депутаты, медицина илимдеринин доктору Альфия Самигуллина, Билим берүү жана илим министринин орун басары Абдиманап Муратов, УИА академиги Алтай Бөрүбаев жана башка бир катар окумуштуулар жыйында сөз сүйлөп, учурдагы илимдин орчундуу маселелерин сөз кылышты.

Жалпы жыйында кабыл алынган токтомдо илимдин өнүгүүсүңө кедерги болгон мүчүлүштүктөрдү жоюу боюнча ЖАК демилгелеген бир катар жаңылыктар белгиленген.

Жыйында жасалган баяндамаларды, кабыл алынган токтомду жана айтылган сунуш-пикирлерди «Кут Билим» гезитини жакынкы сандарынан окууга болот.

Жолдош Турдубаев

Бөлүшүү

Комментарийлер