ЖАГЫМСЫЗ ЖЫТ, ЭСИН ЖОГОТКОН ОКУУЧУЛАР

  • 09.01.2018
  • 0

Кочкор районуна караштуу Чолпон айыл аймагынын  Туз айылында жайгашкан  Жунушалы кызы Сайнап  атындагы  мектептин окуучуларынын башы ооруп, эсин жоготуп жыгылганы тууралуу берилген маалымат боюнча комиссия түзүлүп, мектеп текшерилди.  Бул боюнча Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улан Өзүбеков билдирди.

ЖАГЫМСЫЗ ЖЫТ,  ЭСИН ЖОГОТКОН ОКУУЧУЛАР

Учурда Жунушаалы кызы Сайнап атындагы Туз орто мектебинде  304 окуучуга 37 мугалим билим тарбия беришүүдө. Мектептин мурунку имараты  ашар ыкмасы менен салынгандыктан,  кийин 2007-жылы Түштүк Корея тарабынан демөөрчү иретинде тез салынуучу курулуш материалдары (сендвич панель) менен курулган. Окуу жылынын башында  бардык окуучулар Чолпон айыл аймагындагы Чолпон №6 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу  тарабынан  медициналык кароодон өткөрүлгөн.

  • Туз айылынын тургуну Мамбетов Улан аттуу жаран  мектептен жагымсыз  жыт чыгып балдар эсин  жоготуп жыгылып жатат деген маалыматты  Өкмөттүн  аппаратына  жиберген. Өкмөттүн  аппараты  бул материалды  райондук мамлекеттик  администрациясына  териштирүү үчүн  жөнөткөн. Жергиликтүү бийлик  тарабынан  комиссия  түзүлүп,  анын курамына райондук билим берүү бөлүмүнөн  жана райондук санитардык  эпидемиологиялык  көзөмөлдөө борборунан,  мугалимдерден, ата-энелерден, окуучулардан кирди.  Сурамжылоо иштерин  жүргүзгөндө  мектеп 2007-жылы Корея мамлекети тарабынан  240 окуучуга  ылайыкталып салышкандыгын айтышты. Мындан сырткары  2013-14-окуу жылынан бери жыл сайын бирден, экиден  окуучу эсин жоготуп жыгылып калып  жатканын Мамбетов Улан айтып берди, — дейт бөлүм башчы.

Райондук  мамлекеттик  администрациясынын  тапшырмасы менен эс учун жоготуп  жыгылган  окуучуларды  медициналык кароодон өткөргөндө: анемия — 2, тубаса жүрөк оору — 1, аллергиялык  бронхит — 1, аллергиялык коньюктивит — 3  диагноздору бар балдар аныкталган.

Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин бөлүм башчысы Алтын Ураимованын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, мектептин санитардык абалы текшерилип, курулуш материалдары лабораториялык изилдөөдөн өткөрүлдү.

— Класстар полдун астынан жылытылат экен. Ошондуктан окутуу бөлмөлөрүндөгү линолеумду жана дубалдагы полиуретандан жасалган панелди лабораториялык изилдөөгө алып келишти. Анын токсикологиялык көрсөткүчтөрү текшерилди. Жыйынтыгында нормадан ашкан учур табылган жок. Окуу бөлмөлөрүндөгү температура 22-25 градустан ашпашы керек болсо, мындан жогору класстар бар экен. Аларды желдетип туруу сунуш кылынды, — дейт ал.

ЖАГЫМСЫЗ ЖЫТ,  ЭСИН ЖОГОТКОН ОКУУЧУЛАР

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Туз айылындагы мектептин окуучулары башы ооруп, эсин жоготуп жыгылган учурлар катталып жатканын жазган. Жергиликтүү тургундар ушундай негизде жыйырмадай окуучу ооруканага кайрылганын билдиришкен. Дагы бир факт мектеп эски мүрзөнүн үстүнө курулганы айтылууда.

  • Мектеп эски мүрзөлөрдүн үстүнө курулгандыктан куран да окутулган. Бирок окуя кайталанып, жыйырмага чукул окуучу баштары ооруп, ооруканага кайрылышкан, — дейт тургундар.

Мектептин жетекчилиги имаратта кооптонуунун себеби жоктугун айтышууда. Ал эми райондун акими Нурлан Керимкулов мектептин имаратына атайын текшерүү жүргүзүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылуу жолдогон. Анын натыйжасында мектептин зыяндуулугун текшерүү үчүн комиссия келип, дубалдын ортосундагы пена алынып, текшерүүгө жөнөтүлдү.

  • 2017-2018-окуу жылында  сентябрь айынан бери, башкача айтканда  жаңы  окуу жылында   мындай кырсыктар  катталган жок.

Ооруларды алдын алуу жана  мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык  көзөмөлдөө департаментинин  директору Т.Б.Исаковго,  орто мектептин  имаратынан чыгып жаткан  жагымсыз жыттын  ден соолукка  зыяндуулугун, изилдеп аныктап берүү үчүн Кочкор райондук мамлекеттик  администрациясынын  каты  жөнөтүлгөн.  Ушундай эле билдирүү  райондук мамлекеттик  администрациясынын  каты менен Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу  курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой  чарбасы мамлекеттик агенттигинин  Нарын аймактык башкармалыгынын начальниги Калыбек уулу Болотбекке жолдонуп, башкармалыктын каты менен башкармалыкта экологиялык  лаборотория болбогондуктан, Туз орто мектебинен чыккан жагымсыз  жыттарды  химиялык анализин чыгара албастыгын жана бул кайрылуу боюнча  Ысык-Көл аймактык башкармалыгына  кат жолдонгондугун билдирген, бирок бүгүнкү күнгө чейин  жооп алына элек.

Ооруларды  алдын алуу   жана мамлекеттик санитардык эпидемологиялык көзөмөлдөө  департаментинин  тапшырмасынын негизинде, райондук ОАА жана МСЭКБу тарабынан мектептин  класстык кабинеттеринин  микроклиматы, жарыктыгынын анализи жана  курулуш материалдарынын үлгүлөрү департаментке 2017-жылдын 26-декабрында изилдөө үчүн жөнөтүлгөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин жооп келе элек. Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик  санитардык  эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти  мектептеги  чыккан жагымсыз жыттардын зыяндуулугу боюнча  корутундусун чыгарып  беришсе кошумча маалыматтарды тезинен  билдиребиз, — дейт У.Өзүбеков.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер