ЖАБЫЛГАН АДИСТИКТЕР, АЛДАНГАН СТУДЕНТТЕР  

  • 15.11.2018
  • 0

Эл аралык илим жана бизнес университетинин алдындагы колледжде мед айымдык иш боюнча окуп жаткан 1-курстун студенттери башка окуу жайга которулуп кетүү үчүн документтерин жана жарым жыл үчүн төлөгөн контрагынын акчасын ала албай бир айдан бери убара болуп жаткандыгын айтышып, биздин редакцияга жардам сурап кайрылышты.

Бул окуу жайдын ачылганына быйыл үч жыл болот. Бирок ушул жылдын июль айында жетекчиси Нургалы Асаналиев алдамчылыкка шектелип укук коргоо органдары тарабынан кармалган. Бул иш боюнча сот процесси жүрүп жатканына, фармация жана стоматология адистигинин лицензиясынын жоктугуна карабастан абитуриентти кабыл алган. Алар сентябрдан тарта окуп  башташкан. Октябрь айынын башында студенттердин бир тобу Билим берүү жана илим министрлигинин кийлигишүүсү менен башка колледждерге которулуп кетишкен. Бирок айрым студенттер окутуучулардын жана университеттин жетекчилигинин сөзүнө ишенип калып калышкан. Жакында эле алды төрт, аркасы эки айдан бери эмгек акы ала албай, акыры иш таштоого мажбур болгон окутуучуларды көргөндөн кийин кетпей калып калган студенттер дагы башка окуу жайга которулуу аракетин көрө башташкан. Бирок окуу жай жетекчилиги аларга ар кандай шылтоолорду айтып, ушул күнгө чейин же документтерин же окууга төлөгөн акчасын кайтарып берүүдөн баш тартып келет.

  • Башында баарыбыз кетебиз деп чыкканбыз. Бирок эжейлерибиздин сөздөрүнө ишенип калып калганбыз. Бул маселе боюнча бир эле эмес үч-төрт жолу ызы-чуу болду. Анан кайра төрт айдан бери эмгек акы ала элекпиз, биз кетебиз деп эжейлерибиз чыгышты. Алар кетсе бизди ким окутат деп биз дагы кайрадан кетебиз деп баштадык. Ошентип, ата-энелерибиз менен ректорго киргенибизде ал төлөнгөн контракттын 25% кармалып каларын айтып, “эркекче сөз берем, керек болсо өзүмдүн чөнтөгүмдөн чыгарсам дагы калган акчаңарды кайра кайтарып берем” деп бизди ишендирип, бирок дүйшөнбү күнгө чейин дагы бир жолу ойлонуп келгиле деп жөнөткөн. Дүйшөнбүдө келгенибизде мурунку күндөрү айткан сөзүнөн кайтып калыптыр. Бизге Гүлзада Камбардиевна деген эжей келип, эч кандай акча берилберин, мыйзам боюнча төлөнгөн акчалар кайра артка кайтарылбай тургандыгын айтты. Негизи биздин контрагыбыз 28 миң сом болчу, жаңы тапшырганыбызда 50%, тактап айтканда, 14 миң сомун төлөгөнбүз, — дейт Асанакунова Айдана менен Акылбекова Элнура.

Бул студенттердин колуна контрагын төлөдү деген дүмүрчөк  берилген. Бирок анда герби бар печать эмес, ички жумуштар үчүн деген печать коюлган.

 

Студенттер менен кошо алданган жооптуу катчы

Быйыл кабыл алуу комиссиясында жооптуу катчы болуп иштеген Венера Куттубаеванын айтымында, үч багыт боюнча отуздан ашуун абитуриент кабыл алынган. Жаңы окуу жылы башталгандан бери фармация багытында окуп жаткан жети студент башка окуу жайлардан ордун таап кетишсе, стоматология боюнча тапшырган жети баланын учурда бешөө гана окуп жатат. Мед айымдык иш боюнча тапшырган жыйырмадан ашуун студенттин он экиси калып, калганы октябрь айынын башында башка окуу жайларга кетип калышкан.

  • Мен жайы менен кабыл алуу комиссиясында иштегем. Жетекчилик лицензиясы барына деле жогуна деле кабыл ала бергиле, лицензиясын жакында алабыз, ал жагынан кам санабагыла, бир нерсе болсо өзүбүз жооп беребиз деп иштетишкен. Ошентип, биз жайы бою иштедик. Бирок бир тыйын эмгек акы алган жокпуз. Ал тургай сентябрь айында дагы эмгек акы бербей коюшту. Октябрдын башында болсо жаңы ректор келди. Бирок ал деле биздин маселебизди чече алган жок. Акырында жол кирем жок калганда университеттен кетүү чечимине келип, башка окуу жайга кетип калдым. Бирок балдардын убалынан коркуп өзүм менен кошо 22 студентти ала кеттим. Себеби баарыбыз алданып калганыбызды ошондо сездим. Учурунда кетпей калып калган мед айым иши адистигинин 12 студенти дагы мени менен кошо кетебиз дешкен. Бирок ал жактан менин артымдан ар кандай сөздөрдү айтышып, жаш кыздардын башын айлантышып алып калышкан, — дейт Венера Куттубаева.

Билим берүү жана илим министрлигинин Кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Сусаргүл Алынбекованын айтымында, университетке кат жөнөтүлгөн. Анда окуу жайда жаралган кырдаалды эске алуу менен бирге конфликттик жагдайды жаратпоо максатында жетекчилигине студенттердин бардыгынын сессияларын тапшыртып, өз каалоолору боюнча тийиштүү окуу жайларга которуу маселесин кароо тапшырылган. Жаңы окуу жылы үчүн дарылоо иши адистиги боюнча абитуриенттерди кабыл алууга тыюу салынган.

  • Орто кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу боюнча «Мед айым иши» адистигинин эле лицензиясы бар. Учурда «Дарылоо иши» адистиги боюнча (жогорку кесиптик билим берүү программасы) министрлик тарабынан лицензиясын кайтарып алуу үчүн сотко арыз даярдалууда. Университеттин студенттери башка окуу жайга которулуу маселесин чечип бергиле деп кайрылышкан. Башка окуу жайга которулуш үчүн академиялык справка берилиши керек. Бирок университеттин жетекчилигине карата сот иштери жүрүп жаткандыктан мөөрүнѳ дагы тыюу салынган. Андыктан студенттердин академиялык справка алганга мүмкүнчүлүгү жок болду. Министрлик тарабынан студенттерди башка окуу жайларга которуу боюнча маселени чечүү жана университетте түзүлгөн жагдайды турукташтыруу максатында кесиптик орто жана жогорку окуу жайлардын жетекчилерине кат жөнөтүлгөн. Аны менен аталган университеттин студенттеринен которуу  боюнча түшкөн арыздарды сынак китепчесинин негизинде карап, академиялык айырмасын аныктап, сабакка катышууга уруксат берүү боюнча тапшырма берилген, — дейт Сусаргүл Алынбекова.

 

Ээн бөлмөлөрдө окуган студенттер

Окуу жайдагы абал менен жеринен таанышуу максатында барганыбызда жетекчилиги ордунда жок болуп чыкты. Телефон чалып, келген максатыбызды айтып, анын ишке келишин сурансак, келе албай тургандыгын биздин суроолорубузт болсо кагаз бетине түшүрүп, секретарына калтырып кетүүбүздү өтүндү. Мухтабар аттуу айым өзүн 1-курстун кураторумун деп тааныштырып, аудиторияларды көрсөтүп чыкты. Бир-эки бөлмөгө киргизип, анча-мынча жабдууларын көрсөткөнү болбосо аудиториялардын  дээрлик бардыгы бош. Бир дагы бөлмөгө жылуулук берилбептир. Бир-эки  аудиторияда бирин-серин үшүп отурган гана студенттерди көрө алдык.

— Биз сентябрдан бери ушундай аудиторияларда эч кандай көргөзмө куралдары жок эле окуп жатабыз. Лекция жазгандан башка эч нерсе кылбайбыз. Анатомия боюнча сабак берген окутуучубуз кетип калганда жарым айдан ашык сабак өтүлгөн жок, — дейт Акылбекова Элнура.

 

Окуу жай жашырган бир группа

Бул студенттерден стоматология адистиги боюнча 1-курста беш студент окуп жаткандыгын угуп, Мухтабар эжейге алар менен жолуктурушун өтүнгөнүбүздө, ал бул адистик боюнча бир дагы студент жок экендигин, бардыгы башка колледждерге которулуп кеткендигин баса белгилеп, бизди ишендирүүгө аракет кылды. Бирок биз өз алдыбызча ал студенттерди табуу аракетин көрдүк. Тилекке каршы, алардын сабагы бүтүп кетип калышыптыр. Алибек аттуу жигит менен телефон аркылуу байланышканыбызда, ал учурда стоматология адистиги боюнча окуп эле жаткандыгын, аны менен бирге окуп жаткан дагы беш бала бар экендигин айтты. Жетекчилик аларды коркпой эле окуй беришин, жакында лицензия алына тургандыгын айтып ынандыргандыгын билдирди.

 

Студенттер менен келишим түзүлгөн эмес

Окуу жайга тапшырган бир дагы студент менен университеттин ортосунда келишим түзүлө элек. Ал тургай студенттикке кабыл алынсын деген буйрук да чыккан  эмес. Студенттердин колунда ушул күнгө чейин студенттик билет менен зачеттук китепче жок. Тийиштүү документтерди көрсөтүүсүн талап кылып кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси Эркингүл Элебесовага дагы бардык. Ал студенттердин өздүк делосун көтөрүп чыгып, бирөөнөн дагы келишим таап бере алган жок. Эмне үчүн студенттер менен эмдигиче келишим түзүлө электигин сураганыбызда, ал эч нерсе билбей тургандыгын, бул кызматка жаңы эле келгендигин, кабыл алуу комиссиясы болгону ушул документтерди өткөрүп бергендигин айтып тим болду.

 

Студенттерге башка окуу жайдын справкасын беришкен

Айылдан келген студенттер окуу жайда окуп жаткандыгын тастыктаган справка берүүсүн талап кылышканда аларга Кыргыз тоо-кен энерготехнологиялык колледжинде окуйт деген тастыктама беришкен. Бул боюнча дагы кадрлар бөлүмүнүн жетекчисинен сураганыбызда ал жетекчилик суранганынан жана студенттерге боору ооругандыгынан бергендигин айтты. Көрсө, Кыргыз тоо-кен энерготехнологиялык колледжи университеттин имаратынын 1-кабатында жайгашыптыр. Эркингүл Элебесова болсо эки  окуу жайдын тең кадрлар бөлүмүнүн башчысы экен.

 

Эмгек акы албай иштеген окутуучулар

Чын эле Венера Куттубаева айткандай, университеттин профессордук-окутуучулар жамаатынын айрымдары төрт айдан бери, көбү эки айдан бери эмгек акы албай иштеп келе жатыптыр. Ал тургай ушул күнгө чейин окутуучулар менен университеттин ортосунда дагы келишим түзүлө элек экен.

— Бизге ана-беребиз мына беребиз деп эле келе жатышат. Талап кылсак үч миң, беш миң сомдон берип коюшат. Анан кайра ишенип иштеп калабыз. Азыр башка каякка барабыз, окуу жылынын башталганына үч ай болуп калды. Бизди ким жумушка алат. Айла жок окуу жайдын абалын түшүнүү менен кабыл алып жатабыз, — дейт өзүн декандын милдетин аткаруучумун деп тааныштырган Жазгүл Ташматова.

 

Медициналык колледждер текшерилет

Учурда Кыргызстан боюнча жогорку билимдүү медициналык адистер 12 окуу жайында даярдалат. Медициналык колледжердин саны болсо 27ге жеткен. Алардын ону мамлекеттик болсо, төртөө жогорку окуу жайлардын алдындагы, калган он үчү жеке менчик болуп эсептелет.

2016-жылы медициналык адистерди даярдаган окуу жайлардын билим берүү сапаты, материалдык-техникалык базасы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан текшерилген. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын протоколдук тапшырмасынын негизинде 20-ноябрдан тарта орто кесиптик окуу жайлар кайрадан текшерүүгө алынат.

— Атайын тапшырма боюнча медициналык колледждердин ичинен айрымдарын текшерүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигинен биргелешкен жумушчу топ түзүлүп жатат.  Негизи бир айдын ичинде үч мамлекеттик, үч жеке, үч ЖОЖдун алдындагы колледжди текшерелик деп жатканбыз.  Эми жумушчу топко сиздер айтып жаткан Эл аралык илим жана бизнес университетинин Медициналык колледжин дагы текшерүү сунушун киргизем. Себеби бул колледжге быйыл абитуриенттер кабыл алынган жок деп жүргөнбүз.  Ал эми аталган колледж боюнча тийиштүү маалыматты текшерүүнүн жыйынтыгы чыккандан кийин гана айта алабыз, — дейт Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык билим берүү жана илим бөлүмүнүн башчысы Жусупбекова Нурида.

 

PS: Биз калтырган суроолорго жооп алуу максатында окуу жайдын жетекчисине кайрылганыбызда, ал 23-ноябрда сот болот, кызыктырган суроолорго жоопторду ошол жактан алгыла деген жообун узатты. Ал эми газета басууга даярдалып жатканда бизге кайрылган Айдай менен Элнура жана алар менен кошо стоматология адистигинде окуп жаткан дагы эки студент документтерин алып кетип жаткандарын кабарлашты.

Чолпон Кийизбаева, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер