ЖАА АТУУ БОЮНЧА МАДАЛБЕК ОСМОНАЛИЕВДИ ЭСКЕРҮҮ МЕЛДЕШИ

  • 30.04.2025
  • 0

30-апрелде Бишкек шаарындагы  Билимкана эл аралык мектебинин спорттук аренасында спорттук  жаа атуу спорту боюнча белгилүү коомдук ишмер Мадалбек Осмоналиевдин жаркын элесине арналган алгачкы республикалык мелдеш  курч атаандаштык менен өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.  Бул тууралуу  Кыргыз жаа атуу федерациясынын башкы катчысы Кылычбек Нурманбетов билдирди.

ЖАА АТУУ БОЮНЧА МАДАЛБЕК ОСМОНАЛИЕВДИ ЭСКЕРҮҮ МЕЛДЕШИМелдешке өлкө аймагынан жана Бишкек шарынан тандалып келген 40 мерген катышты.

Өспүрүмдөр арасындагы мөрөй талашууда биринчи орунду Узай Калматова жеңип, алтын медаль тагынып, келечегинен үмүткөр кылды. Экинчи орунду ээлеген Медина Райымкуловага күмүш медаль ыйгарылды. Байгелүү үчүнчү орунду жана коло байгени Айдана Расулова камсыз кылды.

ЖАА АТУУ БОЮНЧА МАДАЛБЕК ОСМОНАЛИЕВДИ ЭСКЕРҮҮ МЕЛДЕШИЖуп болуп, аттандашууда мергендиги менен айырмаланган  мектеп окуучусу Лутфулла  Алтыбаев менен Екатерина Югай баш байгенин ээлери болушту. Экинчи орунду Туризм академиясынын студенти, спорт чебери Диана Канатбек кызы менен Кыргыз-Түрк  Манас университетинин студенти Айсулуу Дайырова жеңип алышты. Байгелүү үчүнчү орунга  эл аралык спорт чебери Динар Бекбалиева менен Борбордук Азиядагы Америка университетинин студенти Вероника Плямкина татыктуу болушту.

ЖАА АТУУ БОЮНЧА МАДАЛБЕК ОСМОНАЛИЕВДИ ЭСКЕРҮҮ МЕЛДЕШИКатышуучулардан улам мыктылары иргелип, дасыккан чебер жаачылар арасындагы  таймашууда биринчи орунду Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин студенти, спорт чебери Эмирбек Машев жеңип алып, алтын медаль тагынды. Финалда аз упай менен утулуп калган спорт чебердигине талапкер Лутфулла  Алтыбаев күмүш байгелүү болуп, өзү мектеп окуучусу болсо дагы чеберчилиги менен таанылды. Байгелүү үчүнчү орунду эл аралык спорт чебери Динар Бекбалиева камсыз кылды.

ЖАА АТУУ БОЮНЧА МАДАЛБЕК ОСМОНАЛИЕВДИ ЭСКЕРҮҮ МЕЛДЕШИӨспүрүмдөр арасындагы жуп болуп, жаа атууда Узай Калматова менен Бермет Белекова биринчи орунду жеңип алышты. Экинчи орунду  Алихан Мансуров менен Акмаанай Мамашарипова ээледи. Коло байгелерди Медина Райымкулова менен Амирхан Асыркулов тагынды.  Жеңүүчүлөргө алтын, күмүш, коло медалдарды жана дипломдорду  Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти, Кыргыз жаа атуу федерациясынын президенти Эльнура Осмоналиева,  маркум Мадалбек Осмоналиевдин уулу Нурбек, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргызстандын спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы Кабыл Макешов жана жаа атуу боюнча эл аралык спорт чебери Асел Шарбекова салтанаттуу кырдаалда тапшырды.

ЖАА АТУУ БОЮНЧА МАДАЛБЕК ОСМОНАЛИЕВДИ ЭСКЕРҮҮ МЕЛДЕШИ -Кыргыздар байыртан эле жаа атуунун чебери болгон. Салттуу жаа атуу Көчмөндөр оюндарынын программасына киргени менен Кыргызстанда олимпиадалык же классикалык жаа атуу спортуна соңку он беш жылдан гана көңүл бурулуп, эл аралык аренада тааныла баштадык. Башкаларга жөнөкөй көрүнгөнү менен жаа атуу бул кымбат спорт болуп саналат. Спорттук жаанын өзү да, жебелери да өтө кымбат. Өспүрүм кезден үйрөнүп келген спортчулар үчүн жаалардын баасы 200-300 доллар турса, андан кийин “таймаштарга катышам” деген спортчулар 2500 АКШ доллары турган жаалар менен атышы зарыл. Мындан тышкары жаачылар үчүн атайын кийимдер, жабдуулар дагы оңой эмес каражатты талап кылат. Ошондой эле машыгууну талап кылган жердин аянты дагы чоң, кенен, ыңгайлуу болушу зарыл. Мисалы үчүн жаа атуунун олимпиадалык аралыгы 70 метр болушу шарт, эркектердин дистанциясы 100 метрге да болушу мүмкүн. Анан күндө 8 саат бою башка нерселер алаксытпаган жана спортчуларга ыңгайлуу болгондой жай керек. Кыштын күнү ички бөлмөдө, жабык имаратта болсо, сыртта болгондо дагы узундугу 70 метрден кыска болбогон жер болушу зарыл. Андан кийин жааны түштүктөн түндүккө карай атып, күн дагы жаачынын аркасынан тийгендей көзгө жолтоо болбогондой, нуру бет маңдайдан тийбей өтүшү керек.

ЖАА АТУУ БОЮНЧА МАДАЛБЕК ОСМОНАЛИЕВДИ ЭСКЕРҮҮ МЕЛДЕШИУшундай талаптарга байланыштуу клубдардын санын дагы көбөйтүү кыйыныраак. Каржы көйгөйлөрүнө карабастан дагы сөзсүз азыркы күндө мындан жакшыраак жетишкендиктерге жетүүгө аракет кылып жатабыз. Дагы баса белгилеп айта кетсем, бул спорттун өзгөчөлүгү медитация спорт түрлөрүнө кирет. Бул спортко катышуу үчүн бүт булчуңдар тобу иштеши керек. Спортчу үчүн физикалык даярдыктан дагы менталдык даярдык, жан дүйнөнүн ошол кездеги ахыбалы, сабырдуулук, токтоолук, болуп жаткан учурду сезе билүү жана жогорку аң-сезим зарыл. Эгер ошол убакытта спортчу таймаш энергиясына берилип кетсе, албетте жеңилип калат. Бул спортто адамдын руханий жана психологиялык даярдыгы күчтүү болушу шарт. Жаа атуу спортунун негизги философиясы – бирөө менен эмес, өзүң менен өзүң таймашуу, өзүңдү таанып билип, өзүңдү жеңип чыгуу. Жана бир эле учурда жаа, жебе жана бута болушу, бул жерде жашоого пайдалана турган өтө терең философия жатат. Жаа атуу гармонияны талап кылган спорт, ошол жебени бутага багыттап жаткан учурда спортчу абдан тынч абалда болуп, таймаш менен упай жөнүндө ойлонбошу керек. Мемиреп, жай турган суудай калкыбастан тынч ахыбалда атса, ошондо жебе багытталган жерине барып сайылышы керек. Бутага тийсе дагы, тийбесе дагы спортчуга ал эч кандай таасир этпеши зарыл. Себеби ал учур өтүп кетти, азыр “мен жаңы жебени атып жатам” деген учурга берилип, арбалуусу керек.

ЖАА АТУУ БОЮНЧА МАДАЛБЕК ОСМОНАЛИЕВДИ ЭСКЕРҮҮ МЕЛДЕШИАзыр жаш машыктыруучулар өзүбүздүн жаачылардын арасынан чыгып келе жатат, жыл өткөндөн кийин жаа атуу алар үчүн кесипке айланып калууда. Чынында азыркы күндө бизде машыктыруучулардын саны жетишсиз, биз “Билимкана” мектептери менен кызматташып, бир топ дене тарбия мугалимдерине тренинг өткөргөнбүз. Шыктууларын устат кылып даярдай алдык. Мектептер аркылуу машыктыруучулардын жана клубдардын санын көбөйтүүнү пландап, тилек кылып турабыз. Бүгүнкү мелдеш дагы спортчулардын чеберчилигин жогорулатууга данакер болмокчу,-дейт Кыргыз жаа атуу федерациясынын президенти Эльнура Осмоналиева.

ЖАА АТУУ БОЮНЧА МАДАЛБЕК ОСМОНАЛИЕВДИ ЭСКЕРҮҮ МЕЛДЕШИ-Коомдук ишмер Мадалбек Осмоналиевдин жаркын элесине арналган жаа атуу боюнча  мелдеш мындан ары ар жыл сайын өткөрүлүп, спортчулардын чеберчилигин жогорулатууга өбөлгө болмокчу. Бул мелдештин жеңүүчүлөрүнөн Кыргызстандын тандалма командасы түзүлүп, 15-майда Өзбекстандын борбору Ташкентте өтө турган эл аралык турнирде өлкөбүздүн намысын коргойт.  Андан кийин  июнда Түркиянын Анталья шаарында өтө турган дүйнө Кубогу үчүн таймашууга эл аралык спорт чебери Асел Шарбекова катышат. Азия Кубогу үчүн күч сынашуулар 14-июнда Сингапур өлкөсүндө болот. Азия Кубогуна Кыргызстандын тандалма командасынын мүчөлөрү барат. Бүгүнкү турнир ушул маанилүү мелдештерге даярдык көрүүнүн бир этабы болду, -дейт өлкөнүн жаа атуу боюнча башкы машыктыруучусу, федерациянын башкы катчысы  Кылычбек Нурманбетов.

ЖАА АТУУ БОЮНЧА МАДАЛБЕК ОСМОНАЛИЕВДИ ЭСКЕРҮҮ МЕЛДЕШИМелдеш  да Жаа атуу федерациясынын демөөрчүлүгү менен өттү.

ЖАА АТУУ БОЮНЧА МАДАЛБЕК ОСМОНАЛИЕВДИ ЭСКЕРҮҮ МЕЛДЕШИ Коомдук ишмер Мадалбек Сатымбаевич Осмоналиев 1956-жылы 13-июнда Аксы районунун Авлетим айылында төрөлгөн. Москва шаарындагы Кооператив институтунан билим алып, экономист кесибине ээ болгон. Ош облустук жана Ош шаардык керек жарак коомунда жетекчилик кызматтарда иштеген. Кызыл-Кыя шаарындагы керек жарак коомунун жана коопторгдун директору, Өзбекстандын Кувасай шаарындагы кичи бизнес ассоциациясында төраганын орун басары болуп,  Жалал-Абад облусунун Аксы райондук салык кызматында, “Айыл Банктын” Бишкек шаарындагы, Кербен  шаарындагы, Сокулук районундагы бөлүмдөрүндө   иштеген. 2024-жылы июлда жүрөгүнө жасалган операциядан каза болгон. Жубайы, билим берүү ишмери Насиба Кыдыралиева менен 44 жыл бирге жашап, Эльнура, Чолпон аттуу кыздуу, Нурбек аттуу уулду болуп, бир нече неберелүү болушкан.

Кабыл Макешов,

спорттук баяндамачы, “Кут Билим”  

Бөлүшүү

Комментарийлер