ЖАҢЫРТЫЛГАН “АЛТЫН БАЛАЛЫК”

  • 01.11.2022
  • 0

Ысык-Ата районундагы Логвиненко айыл өкмөтүндө “Алтын балалык” бала бакчасы балдарды кайрадан кабыл ала баштады.

ЖАҢЫРТЫЛГАН “АЛТЫН БАЛАЛЫК”

Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Болот Иманалиевдин айтымында, 1987-жылы курулган бала бакча бир гана жолу, 2007-жылы капиталдык ремонттон өткөндүктөн, оңдоп-түзөө иштерине өтө муктаж эле. Балдарды сыйымдуулугу 96 орундук бала бакчада учурда 170 бала тарбияланууда.

— Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин колдоосу менен Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги жана АРИСтин “Жылуулук менен жабдууну жакшыртуу” долбоорунун алкагында бала бакчанын имаратынын жылуулук эффективдүүлүгүн жогорулатуу, сейсмологиялык туруктуулугун бекемдөө, эшик жана терезелерин жылуулукту бекем сактаган жаңыларына алмаштыруу, электр зымдарын толугу менен алмаштыруу, вентиляция тутумун жакшыртуу сыяктуу иштер аткарылды. Долбоорду ишке ашыруучулардын айтымында, эми бала бакчанын имаратынын энергия натыйжалуугу жогорулап, электр энергиясы 40-50 пайызга үнөмдөлөт. Бул энергия ресурстарын рационалдуу пайдалануу жана имараттарды жылытууга кеткен чыгымдарды үнөмдөөгө шарт түзөт, — дейт.

Жаңыртылган бала бакчанын ачылыш аземине КР билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү саясаты бөлүмүнүн башчысы Н.Касымова, Швейцария элчиси Оливье Бангертер, Дүйнөлүк банктын директору Навид Хасан Накви, АРИСтин аткаруучу директору М.Наспеков, Ысык-Ата районунун акиминин орун басары Н.Сагынбаев, Ысык-Ата районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманалиев ж.б. расмий өкүлдөр катышты.

ЖАҢЫРТЫЛГАН “АЛТЫН БАЛАЛЫК”

Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер