«ЖАҢЫЛЫКТЫН ЖАРЧЫСЫ» ПЕДАГОГИКАЛЫК ФОРУМ: БААЛОО ЖАНА САНАРИПТИК ПЛАТФОРМАЛАР
- 16.06.2025
- 0
Агартуу министрлиги тарабынан Ысык-Көл облусундагы мугалимдердин “Санат” ден соолукту чыңдоо борборунда өтүп жаткан «Жаңылыктын жарчысы» аттуу педагогикалык семинар-форумдун экинчи күнү өттү.
Бүгүн катышуучулар билим берүүнүн сапатын баалоого арналган «Баалоо» улуттук программасы, билим берүү системасындага санариптик платформалар, ошондой эле 12 жылдык билим берүүгө карата мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу боюнча кеңири маалымат алышты.
Агартуу министринин санариптештирүү боюнча орун басары Лира Самыкбаева катышуучуларга окуучулар жана мугалимдер үчүн даярдалган «Санарип кампa», «Э-күндөлүк» жана “Мектепке электрондук каттоо” жана башка санариптик платформалар боюнча презентация жасап, мугалимдердин суроолоруна жооп берди.
Ар бир тема боюнча ыкчам жолугушуулар уюштурулуп, алардын алкагында суроо-жооп форматында активдүү талкуулар өттү.
Комментарийлер