ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИЛЕР ДАЙЫНДАЛДЫ
- 21.10.2025
- 0
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин 2025-жылдын 3-октябрындагы Nо11-4/171 буйругу менен Аматов Советбек Маширапович Ош билим берүү институтунун директору болуп дайындалса, Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына Жапаров Алтынбек Дүйшеевич дайындалды.


Жети-Өгүз районунун акими Э.И. Бахавадинов райондук билим берүү бөлүмүнүн жаңы башчысы болуп дайындалган Жапаров Алтынбек Дүйшеевичти мектеп жана бала бакча жетекчилерине тааныштырды.


Аким жаңы жетекчиге ийгилик каалап, мурдагы жетекчи Асанкожоев Максат Жеңишовичтин ишмердүүлүгүн жогору баалады. Өз кезегинде Алтынбек Жапаров алдыдагы иштерди жоопкерчилик менен аткарып, билим берүү тармагында жигердүү иш алып баруу ниетин билдирди.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер