УЛУТТУК БАНК «ТАЙГАН ЖАРЫШ» КҮМҮШ КОЛЛЕКЦИЯЛЫК МОНЕТАСЫН ЖҮГҮРТҮҮГӨ ЧЫГАРДЫ

  • 25.08.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2026-жылдын 25-августунан тартып «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары» сериясындагы «Тайган жарыш» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат. Бул өзгөчө нумизматикалык буюм кезектеги VI «Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары – 2026» эл аралык иш-чарасына арналып, кыргыз элинин баа жеткис маданий мурастарын сактоо жана дүйнө жүзүнө жайылтуу максатында атайын иштелип чыккан. УЛУТТУК БАНК «ТАЙГАН ЖАРЫШ» КҮМҮШ КОЛЛЕКЦИЯЛЫК МОНЕТАСЫН ЖҮГҮРТҮҮГӨ ЧЫГАРДЫ

Белгилей кетсек, кыргыз тайгандары жарышкан «Тайган жарыш» оюну илгертен бери эле ар кандай элдик майрамдарда өткөрүлүп, элдин купулуна толуп келген. Ал бүгүнкү күндө да өзүнүн актуалдуулугун жоготпой, расмий түрдө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилгендиги биздин улуттук маданиятыбыздын сыймыгы болуп саналат.  УЛУТТУК БАНК «ТАЙГАН ЖАРЫШ» КҮМҮШ КОЛЛЕКЦИЯЛЫК МОНЕТАСЫН ЖҮГҮРТҮҮГӨ ЧЫГАРДЫ

Жаңы чыккан «Тайган жарыш» коллекциялык монетасы Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ. Улуттук банктын маалыматына ылайык, нумизматтар жана кызыккан жарандар үчүн ар бир коллекциялык монета өзгөчө камкордук менен акрил капсуласына салынып, сапат сертификаты менен бирге өзүнчө кутучага жайгаштырылган. Баалуу белек же коллекция катары сактоону каалагандар монеталарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын мекемелеринен сатып ала алышат.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер