КАРА-СУУДАГЫ АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ: МУГАЛИМДЕР СЫЙЛАНЫП, «АЛТЫН СЕРТИФИКАТ» ЭЭСИНЕ УНАА ТАПШЫРЫЛДЫ

  • 25.08.2026
  • 0

24-август күнү Кара-Суу районунда билим берүү кызматкерлеринин «Доор өзгөрткөн билим: жаратман мугалим – өнүккөн өлкө» аттуу салттуу август педагогикалык кеңешмеси болуп өттү. Билим берүү тармагындагы жаңы окуу жылына карата максаттарды жана милдеттерди аныктаган бул маанилүү иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Гүлай Машрапова, Алишер Козуев, Илимбек Кубанычбеков, ошондой эле Кара-Суу районунун акими Чыңгыз Бапаев, билим берүү тармагынын жетекчилери, агартуу майданынын ардагерлери, мектеп директорлору жана мугалимдер катышты. КАРА-СУУДАГЫ АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ: МУГАЛИМДЕР СЫЙЛАНЫП, "АЛТЫН СЕРТИФИКАТ" ЭЭСИНЕ УНАА ТАПШЫРЫЛДЫ

Кеңешменин жүрүшүндө алдыдагы жаңы окуу жылына карата билим берүү тармагындагы артыкчылыктуу багыттар, окутуунун сапатын жогорулатуу жана мугалимдердин кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу актуалдуу маселелер кеңири талкууланды. Жыйында сөз сүйлөгөн эл өкүлдөрү билим берүү тармагындагы акыркы жетишкендиктерди белгилеп, мугалимдердин талыбаган эмгегин жогору баалоо жана жаштардын терең билим алуусуна ар тараптуу колдоо көрсөтүү өлкөнүн келечеги үчүн өтө маанилүү экендигин баса белгилешти.  КАРА-СУУДАГЫ АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ: МУГАЛИМДЕР СЫЙЛАНЫП, "АЛТЫН СЕРТИФИКАТ" ЭЭСИНЕ УНАА ТАПШЫРЫЛДЫ

Иш-чара билим берүү тармагына жана коомдук иштерге өзгөчө салым кошкон агартуучуларды сыйлоо аземи менен уланды. Алдыңкы мугалимдерге Жогорку Кеңештин Ардак грамоталары жана Ыраазычылык каттары тапшырылды. Мындан сырткары, мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана санариптештирүү максатында билим берүү мекемелерине интерактивдүү доскалар, ал эми бир катар мугалимдерге планшеттер, акчалай сыйлыктар жана башка баалуу белектер берилди. КАРА-СУУДАГЫ АВГУСТ КЕҢЕШМЕСИ: МУГАЛИМДЕР СЫЙЛАНЫП, "АЛТЫН СЕРТИФИКАТ" ЭЭСИНЕ УНАА ТАПШЫРЫЛДЫ

Бул жолку август кеңешмесинин эң эсте каларлык жана толкундатуучу ирмеми — мыкты окуучунун билимге болгон аракетинин жогору бааланышы болду. Иш-чаранын соңунда Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев өз үй-бүлөсүнүн атынан 2026-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен бүткүл Ош облусу жана Кара-Суу району боюнча жалгыз «Алтын сертификатка» ээ болгон бүтүрүүчү Гүлпери Жуматаевага жеңил автоунаа белек кылды. Бул саамалык жалпы окуучуларга жана билимге умтулган жаштарга чоң стимул берип, мугалимдин мээнети менен окуучунун аракетинин эң жогорку натыйжасы катары бааланды.

А.К., «КБ»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер