«ЖАҢЫ ЫСЫМДАР»: ОШМУНУН КИНОАКАДЕМИЯСЫ 3-ОРУНДА

  • 28.12.2021
  • 0

Республикалык «Жаңы ысымдар» театралдык фестивалында ОшМУнун киноакадемиянын студенттери Мар Байжиевдин «Кыз-күйөө» чыгармасын койду.

"ЖАҢЫ ЫСЫМДАР": ОШМУНУН КИНОАКАДЕМИЯСЫ 3-ОРУНДА

Фестиваль Бишкекте Бакен Кыдыкеева атындагы жаш көрүүчүлөр театрында өттү. ОшМУнун студенттери фестивалга быйыл төртүнчү ирет катышты. Буга чейин «Наристелердин чаңырыгы», «Төрт адам» чыгармалары менен катышып келген. Мындан сырткары киноакадемиянын репертуарында Жалил Садыковдун «Өлүп тирилгендер», Мар Байжиевдин «12-күн» драмасы бар.

Киноакадемиянын студенттери жыл сайын уюштурулуп жаткан студенттик спектаклдердин республикалык «Жаңы ысымдар» февтивалында «Мыкты дебют», «Мыкты актриса», «Эң мыкты аялдын образы» наамдарын алган.

Ошондой эле Тимур Маматкуловдун режиссерлугунда «Наристенин чаңырыгы», Дарбан Алайчиевдин жетекчилигинде «Катылган сыр» кинотасмаларын жарыкка чыгарышты

Бөлүшүү

Комментарийлер