ЖАҢЫ СТАНДАРТТАР — ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР
- 10.06.2025
- 0
Алдыдагы окуу жылынан баштап 1-2-класстардын, ошондой эле 5- жана 7-класстардын окуучулары жаңыланган программалар жана окуу китептери менен окушат. Бул тууралуу 10-июнда Агартуу министрлигинин журналисттер үчүн жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынында Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Назира Дюшеева билдирди.
Анын сөзүнө караганда агартуу жаатындагы мындай олуттуу өзгөрүүлөр үстүбүздөгү жылы кабыл алынган билим берүүнүн мамлекеттик жаңы стандартына ылайык жүрүүдө. Бир сөз менен айтканда, бул маанилүү мамлекеттик документ баланы реалдуу жашоого даярдоону колго алды. Ошон үчүн мектеп балага билим-тарбия берүүдө заманбап көндүмдөргө (жашыл көндүмдөргө жана функционалдык көндүмдөргө) окутууга маани бериши керек. Азыркы биз сөз кылып жаткан билим берүүнүн мамлекеттик стандарты баарынан мурун окуучуга жеке билим берүү траекториясын, анын ичинде профилдик билимди алуу мүмкүнчүлүгүн түзүп берүүгө, билим берүүнүн: мектепке чейинки, мектептик, кесиптик деңгээлинин үзгүлтүксүздүгүн камсыздоого, мамлекеттин, коомдун жана билим берүү процессинин катышуучуларынын ортосунда билим берүү үчүн жоопкерчиликти бөлүштүрүү системасын калыптандырууга багытталган.
— 12 жылдык билим берүүгө өтүү окуу материалдарын комплекстүү оңдоону камтыйт. Билим берүүнүн мамлекеттик жаңы стандарттары жана 38 жаңыланган предметтик стандарттар практикалык, көндүмгө негизделген окутууга, өзгөчө STEM, математика жана англис тилдерине басым жасайт, — деди Назира Кубанычбековна.
Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын трансформациялоо боюнча «Алтын Казык» программасынын негизинде иштелип чыккан бул мамлекеттик жаңы стандарты баарынан мурун эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграцияланган жана таанылган жалпы билим берүүнүн улуттук системасын түзүүнү көздөйт.
Буга кошумча ал глобалдашкан дүйнөдө жашоо үчүн зарыл болгон компетенцияларды калыптандырууну; табият менен таттуу мамиледе жашоо көндүмдөрүн күчөтүүнү, мекенчилдикти, жалпы жарандык аң-сезимди, өзүнүн, үй-бүлөсүнүн, коомдун жана мамлекеттин коопсуздугу үчүн жоопкерчиликти, улуттук адеп-ахлактык негиздерге таянган адилеттүүлүк, абийирдүүлүк, боорукерлик сыяктуу сапаттарды калыптандырууну, профилдик окутууну киргизүүнү, билим берүү процессинин катышуучуларынын жоопкерчилик чөйрөсүн бекемдөөнү таалим-тарбиядагы эң маанилүү милдеттер катары тааныйт.
Билим берүүнүн мамлекеттик жаңы стандартында мектептеги таалим-тарбиянын максаты «Кыргызстанды сүйгөн жана ага берилген, жарандык аң-сезимге ээ, үй-бүлөсүнүн, коомунун жана мамлекетинин алдында жоопкерчиликтүү, ошондой эле өлкөнүн өнүгүшүндө жана гүлдөп-өсүшүндө өзүнүн ролун түшүнгөн Кыргызстандын жаранын тарбиялоо» болуп саналат.
Ан үчүн ал сынчыл ой жүгүртүүгө, салмактуу чечимдерди кабыл алууга жана коомдо натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө жөндөмдүү өз алдынча, жоопкерчиликтүү жана ийкемдүү инсан, ошондой эле өзүн-өзү өнүктүрүүгө жана таанып-билүүгө, ойлоп табуучулукка, инновацияларга жана өзүн-өзү өркүндөтүүгө умтулууга жөндөмдүү чыгармачыл жаратман жана эмгекчил адам болууга тийиш. Ошондой эле ал натыйжалуу кызматташууга, маселелерди сапаттуу чечүүгө, тажрыйбанын негизинде туруктуу билим алууга, командада иштөөгө, демилгелүүлүккө, өз аракеттери үчүн жоопкерчиликке даяр, боорукер, кайдыгер эмес ачык, сезимтал жана өз дараметине ишенген адам болууга тийиш.
Айта кетсек, мамлекеттик «Алтын казык» программасынын алкагында заман талабына шайкеш жаңыланган билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарында мектеп окуучуларына билим берүүдө төмөнкү төрт түйүндүү компетенттүүлүктөрдү:1).социалдык- коммуникативдик компетенттүүлүктү: кызматташтык, коммуникация, көп түрдүүлүктү колдоо; 2). маалыматтык-санариптик компетенттүүлүктү: санариптик билимдүүлүк, маалыматтык билимдүүлүк; 3). эмоционалдык-инсандык компетенттүүлүктү: эмоционалдык жайлануу, эмоционалдык интеллект, ден соолук маданияты, өзүн таануу, өзүн жөнгө салуу, өзүн уюштуруу, 4). таанып-билүү компетенттүүлүгүн: экологиялык билимдүүлүк, функционалдык билимдүүлүк, сынчыл жана креативдүү ой жүгүртүү компетенттүүлүктөрүн калыптандыруу каралган.
Мындан тышкары, бул жаңыланган стандарттар, бизди, агартуучуларды, мектептеги билим-тарбия ишин жүргүзүүдө мекенчилдик, акыйкаттык жана адилеттүүлүк, жоопкерчилик, мээримдүүлүк жана боор ооручулук, эмгекчилдик жана ак ниеттүүлүк, табиятка сарамжал мамиле жасоо, туруктуу өнүгүү принциптерин жетекчиликке алуу сыяктуу баалуулуктарга таянууга чакырат.
Кыргыз билим берүү академиясынын илимий кызматкери Чынар Аттокурованын пикиринде билим берүүнүн жаңыланган мамлекеттик стандарты баарынан мурда компетенттүүлүккө багытталган б.а. окуучу келечекте кайсыл кесипти өздөштүрбөсүн, мектеп партасынан маалыматтык, социалдык-коммуникативдик, өзүн-өзү таануу жана көйгөйлөрдү чече билүү компетенттүүлүктөрүн жана ушулардын негизинде предметтик компетенттүүлүккө толук өлчөмдө ээ болуп чыгышы керек.
— Азыркы бекитилген Мамлекеттик стандартта башталгыч класстардын, негизги мектептин жана орто мектептин бүтүрүүчүсү кандай компетенттүүлүккө ээ болуп чыгышы так көрсөтүлгөн, — дейт Чынар Аттокурова.
Айта кетсек, билим берүүнүн мамлекеттик стандарты бул багыт берүүчү документ. Буга ылайык бизде ар бир предмет боюнча предметтик станддарттар иштелип чыкты.
Предметтик стандарт өз кезегинде билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын талаптарын мектептик билим берүүнүн баскычтарына ылайык ишке ашырат жана конкреттештирет. Мамлекеттик стандарт окутуу тилине, уюштуруу-укуктук формасына жана менчиктин түрүнө карабастан, Кыргыз Республикасынын бардык жалпы билим берүүчү уюмдары үчүн окуу планынын бирдиктүү моделин калыптандыруунун негизи болуп саналат. Билим берүүнүн мамлекеттик стандарты окуучулардын класстар боюнча окуу жүктөмүнүн чегин, алардын физиологиялык жана психологиялык мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле окуу материалдарын өздөштүрүү үчүн коюлган талаптарды жана иштин түрлөрүн эске алуу менен класстар боюнча бир жумадагы окуу күндөрүнүн санын аныктайт. Ошентип бизде мамлекеттик стандарттын негизинде предметтик стандарттар иштелип чыкты. Эмки кезек окуу программасы менен жаңы муундагы окуу китептерине жетти.
Агартуу министрлигинин өкүлдөрү жаңы окуу жылына карата жаңы мамлекеттик жана предметтик стандарттардын негизинде түзүлгөн жаңы муундагы окуу китептеринин, программаларынын бир даары басмадан басылып чыга баштаганын белгилешүүдө.
Жыйындан соң, Мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгууга түздөн-түз катышкан Республикалык мугалимдердин кесиптик квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору Алмаз Токтомаметовдон азыркы мамлекеттик стандарттын мурункудан эмнеси менен айырмаланарына кызыктык. Анын сөзүнө караганда, азыркы жаңыланган билим берүүнүн мамлекеттик стандарттарында учурда PISA иликтөөлөрүндө биринчиликти башкаларга бербей келген Сингапурдун табылгаларына көбүрөөк орун берилиптир.
— Бизге алардын баланы инсан катары караганы, баалуулуктарга астейдил маани беришкени, баланы жаштайынан өз мекенин сүйүүгө тарбиялаганы, баланы мектеп үйрөнгөнүн турмушта колдоно билүүгө багыттаганы жакты, ошондой эле аз окутуп, көптү үйрөтөлү дегени жакты, — дейт Алмаз Даткабекович.
P.S. Жакын арада Сингапурдан тогуз тренер келип, жаңы усулдар боюнча кыргыз кесиптештерине билим берери айтылууда.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер