ЖАҢЫ СТАНДАРТТАР — ЖАҢЫ ДЕМ
- 23.05.2025
- 0
Бүгүн, 23-майда, “Сейтек” балдар жана өспүрүмдөр улуттук борборунда «Алтын Казык» программасынын алкагында кабыл алынган билим берүүнүн жаңы стандарттары расмий түрдө тааныштырылды.
Жыйында Кыргыз өкмөтүнүн жогорудагы 12 жылдык билим берүүгө өтүү модели стандарттарды жана окуу программаларын жаңылоого, компетенттүүлүккө негизделген ыкманы киргизүүгө, мектепке чейинки билим алуунун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, санариптик трансформацияга, инклюзивдүүлүктү жана туруктуу өнүгүүнү колдоого багытталып, «Алтын казык» программасынын негизинде жаңыланган стандарттар билим берүүнүн бардык деңгээлдерин камтып, өлкө боюнча 1,4 миллиондон ашуун балага эсептелгени айтылды.
«Алтын Казык» программасынын алкагында кабыл алынган Мамлекеттик билим берүү стандарттарын расмий тааныштыруу иш-чарасына Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, ЮНИСЕФтин регионалдык директору Реджина Де Доминичис, билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова, Кыргыз билим берүү академиясынын жана ЮНИСЕФтин өкүлдөрү катышты.
А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»
Комментарийлер