ЖАҢЫ СОЦИАЛДЫК ДОЛБООР: КӨП БАЛАЛУУ, АЗ КАМСЫЗ ҮЙ-БҮЛӨЛӨРГӨ МАМЛЕКЕТТИК КОЛДОО

  • 28.05.2019
  • 0

Бишкекте 1-июндан тартып мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө жаңы социалдык долбоор өз ишин баштайт.

Мектепке чейинки билим берүү менен камтууну кеңейтүү максатында, мамлекет жеке менчик бала бакчаларга ата-энелердин төлөмдөрүнүн 50% өзүнө алууга даяр.

Социалдык кызмат төмөнкү категориядагы 3төн 5 жашка чейинки курактагы балдарга каралган:

— көп балалуу үй-бүлө (5 жана андан көп бала);

— аз камсыз үй-бүлө;

— баккан адамынан айрылган, үй-бүлөнүн жыйынды кирешеси 12 миң сомдон кем;

— ата-энесинин бирөөсү I же II группадагы майып;

— ата-энесинин бирөөсү же экөө тең мамлекеттик/муниципалдык кызматкер жана алардын ар биринин орточо айлык акысы 12 миң сомдон кем.

Бул долбоорго катышуу үчүн ата-энелер өзүнүн өтүнмөлөрүн КР Билим берүү жана илим министрлигине жиберсе болот. Өтүнмөнүн формасы жана керектүү документтердин тизмеси министрликтин сайтында жайгаштырылган.

Бөлүшүү

Комментарийлер