ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНДА ЖАҢЫ МЕКТЕП
- 12.08.2025
- 0
Босогодо күз. Күз менен бирге кезектеги жаңы окуу жылы башталып, балдар үч айлык жайкы эс алуу учурунда сагына түшкөн, сыр боек, акиташ жыттанып жалтыраган, жаңырган мектебинин босогосун аттайт. 2025-2026-окуу жылына карата борбор калаада жана республикабыздын аймактарындагы бир катар айылдарда мектептердин жаңы имараттары курулуп, 1-сентябрда окуучуларга эшигин ачканга даярданууда.
КРнын курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинин расмий маалыматы боюнча Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Ачык-Суу айылында 1976 чарчы метр 275 орундуу, эки кабаттуу үч блоктон турган жаңы мектептин имараты аяктап калса, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Миң-Өрүк айылында 750 орундуу, үч кабаттуу жалпы аянты 8234 чарчы метрден турган жаңы мектептин курулушу аяктоо алдында турат. Ал эми Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылында да республикалык бюджеттин эсебинен жаңы мектеп курулушу кызуу жүрүүдө. Аталган мектептердин имараттары заманбап долбоор менен курулуп, анда окуучулар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Алсак, мектептин ичинде ашкана, китепкана, дарыгердин бөлмөсү, жыйындар жана спорт залдары, кичи футбол, волейбол, баскетбол аянтчалары ж.б. бар. Айтор, мектептер балдардын мыкты билим алуусуна жана дени сак болушуна бардык шарттары менен курулуп жатканы кубандырат.
Мектеп имараттары өтө тартыш болгон баш калаабызда да жаңы бала бакчалар, мектеп жана мектептерге кошумча имараттар курулууда. Айрыкча пайда болгонуна 30 жылдан ашып, жаңы конуш аталышы эбак өчүп, андагы жашоочулардын балдарынын бери дегенде эле эки мууну алмашып калган конуштарда мектеп көйгөйү көптөн бери чечилбей келатканы белгилүү.
Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан алынган маалыматтар боюнча бүгүнку күндө Мурас-Ордо конушунда 280 орундуу, Учкун конушунда 140 орундуу, Ак-Өргөөдө 100 орундуу жана Биримдик-Кут конушунда 280 орунга ылайыкталган бала бакча салынып жатат. Ал эми Бишкек шаарынын Октябрь районунда жайгашкан №3 мектепке 500 орундуу кошумча имарат салынууда. Ошол эле маалымат булагынан белгилүү болгондой, азыр кайтарылып берилген алты бала бакчада капиталдык ремонт иштери аяктоо алдында турат.
Айнагүл КАШЫБАЕВА,
“Кут Билим”
Комментарийлер