ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНАН ТАРТА ОКУУЧУЛАР БИРДИКТҮҮ ФОРМА КИЙИШЕТ
- 27.07.2022
- 0
Кыргызстанда жаңы окуу жылында мектеп окуучулары үчүн бирдиктүү форма талап кылынат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова медиа өкүлдөрүнө жыйын учурунда маалымдады.
— Пандемиядан кийин биз окуучулардан бирдиктүү форма кийүүсүн талап кылбай калганбыз. Жаңы окуу жылынан баштап бирдиктүү формага өтөбүз. Окуучулар 2015-жылы бекитилген форманы кийсе болот. Эгер комплектти сатып алууга мүмкүнчүлүк болбосо, классикалык вариант — үстүнө ак, астына кара түстөгү кийим кийсе болот, — деди Н.Жусупбекова.
Г.А., «КБ»
Бөлүшүү
Комментарийлер