ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ЖАҢЫ МЕКТЕП
- 18.08.2021
- 0
Манас районунун Нылды айылында 150 орундуу мектептин курулуш иштери аяктоо алдында турат.
Манас районунун билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубатбек Узенбековдун билдирүүсүнө таянсак, мектеп 150 орундуу.
— Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 85% бүтүп, жеңил жумуштар жасалып жатат. Окуу жылдын башында пайдаланууга берилип, окуучулар жаңы мектептен билим алып башташат деп турабыз. Мектеп Катар мамлекети тарабынан 10 миллион сомго курулуп жатат, — деди ал.
Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”
Бөлүшүү
Комментарийлер