ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ЖҮЗ МЕКТЕП
- 16.02.2023
- 0
Ушул жылы 1-сентябрга карата жүз мектеп ачуу пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин кеңейтилген коллегиясында Эдил Байсалов билдирди.
Анын айтымында, жакынкы 2-3 жылдын ичинде авариялык мектептердин бардыгы жоюлуп, мектептердин инфраструктурасы да оңдолот.
— 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча саясат абдан туура. Биз позициябызды өзгөртпөйбүз. Ага өтүү үчүн дагы бир топ иштер жасалышы керек. 1-класстан баштап мамлекеттик программа иштеп чыгуу зарыл. Эң башкысы Билим берүү министрлиги тарабынан жасалып жаткан реформаларды колдойбуз жана ар дайым жардам беребиз, — деди Эдил Байсалов.
Бөлүшүү
Комментарийлер