ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫК
- 04.08.2023
- 0
Таш-Көмүр шаардык мэриясынын «Жалпы билим берүүчү мектептердин 2023-2024-окуу жылына карата даярдыктарынын абалын кароо жөнүндө » буйругунун негизинде, шаар мэри К.Бектемиров, мэриянын башкы адиси Д.Садырбеков, ШБББнүн башчысы М.Элеманов, шаардык ОААж МСЭКБнун башкы дарыгери Б.Итибаев, Шамалды-Сай аймактык башкармалыгынын башчысы Н.Жоробаев, Кызыл-Жар аймактык башкармалыгынын башчысы А.Орункулов, шаардык РЭТ ишканасынын жетекчиси М.Молдокулов, шаардык ӨКБнүн улук офицери Э.Сатыкулов менен биргеликте 2023-жылдын 1-2-3-август күндөрү Таш-Көмүр шаарынын, Шамалды-Сай, Кызыл-Жар шаарчасынын, Кызыл-Алма, Теңдик айылдарынын мектептерине, Шамалды-Сай шаарчасындагы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жаткан жана ачылуу алдында турган «Айгүл» бала бакчасына барып, таанышып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн оңдоп-түздөө, актап-сырдоо иштерин, алмаштырылган эшик, терезелерди, жылытуу системаларын, 2023-2024-жаңы окуу жылына карата жалпы даярдыктарды текшерип, жыйынтыгында тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берүү менен бирге билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлерин эң негизгиси — билим сапатын жогорулатууга чакырып өттү.
Г.А., «КБ»
Комментарийлер