ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫК ИШТЕРИ ӨКМӨТТҮН КӨҢҮЛ БОРБОРУНДА

  • 17.08.2026
  • 0

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги астында кезектеги аппараттык кеңешме өтүп, анда бир катар актуалдуу социалдык маселелер, өзгөчө мектептердин жаңы окуу жылына даярдыгы жана пенсияларды жогорулатуу талкууланды.ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫК ИШТЕРИ ӨКМӨТТҮН КӨҢҮЛ БОРБОРУНДАКүн тартибиндеги эң маанилүү маселелердин бири катары республиканын жалпы билим берүү уюмдарынын келе жаткан окуу жылына даярдыгы каралып, Министрлер Кабинетинин башчысы өлкөнүн бардык аймактарындагы мектептердин учурдагы абалын тез арада тактоо зарылдыгын белгиледи. Курулуш жана оңдоо иштери дагы деле жүрүп жаткан объектилерди өзгөчө көзөмөлгө алуу, тапшыруу мөөнөттөрүнүн кечигүү тобокелдиктерин аныктоо, ошондой эле мектептерди эмерек, окуу жабдуулары жана башка зарыл инфраструктура менен толук камсыздоону текшерүү боюнча тапшырмалар берилди. Мындан тышкары, Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаевага окуу жылынын башында курулуш, оңдоо же жабдуу маселелеринен улам окуу процессине эч кандай тоскоолдук жаралбашы керектигин эскертти.ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА ДАЯРДЫК ИШТЕРИ ӨКМӨТТҮН КӨҢҮЛ БОРБОРУНДАКеңешменин жүрүшүндө калктын социалдык абалын жакшыртуу маселеси да кеңири талкууланды. Адылбек Касымалиев 2026-жылдын 1-октябрынан тартып камсыздандыруу бөлүгүндөгү пенсияларды 20 пайызга (1,20 коэффициенти менен) индексациялоо жана пенсиянын минималдуу өлчөмүн 8 800 сомго чейин жогорулатуу пландалып жатканын билдирди. Маалыматка ылайык, 8800 сомго чейинки пенсиялар үчүн камсыздандыруу бөлүгүнүн орточо жогорулашы 141%ды, ал эми 8800 сомдон жогору пенсиялар үчүн 120%ды түзөт. Индексациянын натыйжасында пенсиянын орточо өлчөмү 12 898 сомго жетип, орточо жогорулоо 1 753 сомду же 116%ды түзөрү белгиленди. Бул багытта Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиевге тиешелүү эсеп-кысаптарды, каржылык камсыздоону жана төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүү үчүн толук даярдык көрүү, ошондой эле коомчулукка кеңири түшүндүрүү иштерин уюштуруу милдети жүктөлдү.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер