ЖАҢЫ ОКУУ ЖЫЛЫНА 12 ОБЪЕКТТИН КУРУЛУШУ ЖАНА КАПИТАЛДЫК РЕМОНТ ИШТЕРИ АЯКТАДЫ

  • 03.09.2020
  • 0

Жаңы окуу жылдын башталышына карата республика боюнча 12 билим берүү объектисинин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктады.

Мамлекеттик курулуш агенттигинин билдирүүсүнө караганда, курулуп бүткөн объекттердин жалпы долбоордук кубаттуулугу 2820 орунга эсептелген. Мектептердин предметтик класстары, ашкана жана чоң залы бардык зарыл техника жана эмеректер менен жабдылган. Ошондой эле мектептердин имараттарында өрт өчүрүүчү каражаттар жана видеокамералар орнотулган, желдетүүчү контролдору бар.

«Капиталдык салымдар» беренеси боюнча республикалык бюджеттин эсебинен 475 млн. 759 миң 800 сом каржыланды.

Бүткөн объекттердин тизмеси:

1. Чүй облусунун Чүй районуна караштуу Кош-Коргон айылындагы Каракеев атындагы 350 орундуу мектептин окуу корпусу;

2. Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Сай айылындагы Акматов атындагы 225 орундуу мектептин окуу корпусу;

3. Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Жоошук айылындагы Юсупов атындагы мектептин капиталдык оңдоп-түзөө иштери;

4. Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Авлетим айылындагы Акылбеков атындагы 225 орундуу мектеп;

5. Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Баетов айылындагы Карасартов атындагы 275 орундуу мектеп;

6. Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жарооз участкасындагы С.Жусуев атындагы 225 орундуу мектептин окуу корпусу;

7. Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Сары-Бээ айылындагы 200 орундуу мектеп;

8. Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Кожоке айылындагы Чынкараев атындагы 225 орундуу мектеп;

9. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Макаренко айылындагы Ж.Маматжанова атындагы 275 орундуу мектеп;

10. Өзгөн шаарындагы №6 А.Навои атындагы 520 орундуу мектеп;

11. Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кысык-Алма айылындагы 200 орундуу мектептин окуу корпусу;

12. Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылындагы мектептин 100 орундуу кошумча имараты.

Бөлүшүү

Комментарийлер